Бир аял умрага бара жатат, бирок андан тынымсыз айыздын каны агып жатат, такыр токтобойт. Мындай абалда ал умраны кантип аткарат?
Эгер умрага чыгышы керек болгон аялга айыз келип калса, ал ихрам байлай элек болсо да, мында эч кандай тоскоолдук жок. Анткени аял киши айыз абалында да ихрам байлай алат. Айыз абалында ихрам байлагандан кийин, умрага тиешелүү амалдардын баарын аткарууга болот, бирок таваф кылуу жана намаз окуу гана тыюу салынат.
Ошондуктан ихрамга ниет кылууда адатта окулчу эки рекет намазды окубайт. Тескерисинче, гусул же даарат алып, кыблага карап отуруп ихрамга ниет кылат жана талбия айтат. Же болбосо гусул/даарат алып, таза кийим кийип, учак учкандан кийин микатка жеткенче ниет кылып, талбия айтса да болот.
Эми, эгер аял айыз абалында умра үчүн ихрам байласа, же таза абалда ихрам байлап, кийин айызы келип калса, анда Меккеге баргандан кийин тазаланышын күтөт. Тазаланган соң гусул алып, умраны аткарат. Тазалангандан кийин умраны аткарса, умрасы толук аткарылган болот жана эч кандай дам (курмандык) ваажиб болбойт.
Ал эми кайтып кетүүгө чейин тазаланып, умра аткарууга мүмкүнчүлүк болбосо (мисалы, визаны узартууга же махрам менен калууга шарт жок болсо), анда мейли каалабаса да, айыз абалында умраны аткарат жана Харам аймагында бир дам (курмандык) чалат.
Эскертүү:
Эгер айыздын адаттагы мөөнөтү толуп, ошого карабастан кан токтобой агып турса, бул истихаза деп аталат. Истихаза маалында намаз окуу да, умра аткаруу да жаиз. Ошондуктан айыздын адаттагы мөөнөтү бүткөндөн кийин кан токтобосо, аял гусул алып, умраны аткара берсе болот, бул учурда дам ваажиб болбойт.
Ал эми бул аялда канча күн айыз, канча күндөн кийин истихаза болуп эсептелери — анын мурунку айыз-тазалык адатына жараша аныкталат.
کما فی إعلاء السنن (۱۰ ؍ ۳۱۷ ):
"عن عائشة عن النبي صلي الله عليه وسلم قال : الحائض تقضي المناسک کلها إلا الطواف بالبیت. رواه أحمد و ابن أبي شیبة".
و فی الدر المختار وحاشية ابن عابدين (رد المحتار) (1/ 290):
""ثم ذكر أحكامه بـ (قوله :يمنع صلاة) مطلقاً، ولو سجدة شكر، (وصوماً) وجماعاً ... (و) يمنع حل (دخول مسجد و) حل (الطواف) ولو بعد دخولها المسجد وشروعها فيه