Азыркы учурда, эгер бир адамга ажылык же умра аткаруу парз же важип болуп калса,
анда ал өз каражатынан ажылык/умра аткарганы туурабы, же ошол акчаны Газадагы жана Палестинадагы мусулмандарга материалдык жардам катары бергени жакшыбы?
Белгилүү болгондой, мүмкүнчүлүгү жеткен мусулманга өмүрүндө бир жолу ажылык кылуу – фарз.
Эгер фарз ажылыкка жетиштүү шарттар түзүлсө, анда аны кечиктирбөө керек. Шарияттык себепсиз фарз ажылыкты кечиктирүү макрух болуп саналат. Фарз ажылыкты аткаргандан кийин, андан кийинки жасалган бардык ажылыктар нафил болуп эсептелет.
Нафил амалдарда болсо, адамга эркиндик берилген: кайсы нафил ибадатты тандап аткарарын өзү чечет.
Бирок, эгер кайсы бир жерде нафил ажылыкка караганда садака берүүгө, же муктаж адамдарга жардам көрсөтүүгө муктаждык күчтүү болсо,
анда реалдуу абалды жана муктаждыкты эске алып, нафил ажылыктан көрө садака жана жардам иштерин артык көрүү керек.
Ал эми эгер кимдир бирөөнүн мүмкүнчүлүгү да, дарамети да жетип, эки нафил амалды тең (нафил ажылык да, жардам да) аткарууга шарты болсо,
анда экөөнү тең жасоого болот. Мындан тышкары, эки амал тең нафил болгондуктан, бирин аткарып, экинчисин аткарбаганы үчүн
адамды сындоого, айыптоого же жаман сөз айтууга болбойт. Экөө тең абдан маанилүү жана сооптуу амалдар.
Ошондуктан, убакытка жана жагдайга жараша кайсы иш көбүрөөк зарыл болсо, ошону алдыга чыгаруу керек.
Демек, азыркы шартта, Газадагы жана Палестинадагы мусулмандар ачарчылык, жакырчылык жана оор кырдаалда турган учурда,
аларга зарыл нерселерди жеткирүүгө аракет кылуу, жана колдон келгенче материалдык жардам көрсөтүү нафил ажылык жана умрага караганда сообу көбүрөөк болгон амал болуп саналат.
کما فی البحر الرائق شرح كنز الدقائق: وأمّا أبو حنيفة وأبو يوسف فقالا: الاحتياط في تعيين أوّل سني الإمكان؛ لأنّ الحجّ له وقت معيّن في السّنة، والموت في سنة غير نادر، فتأخيره بعد التمكّن في وقته تعريض له على الفوات، فلا يجوز".
(البحر الرائق، كتاب الحج، 2/333، ط: دار الكتاب الإسلامي)
و فی حاشية منحة الخالق عل البحر الرائق: (قوله: فقالوا: حجّ النّفل أفضل من الصّدقة) قال الرمليّ: قال المرحوم الشّيخ عبد الرحمن العِماديّ مفتي الشّام في "مناسكه": وإذا حّج حجّة الإسلام، فصدقة التّطوّع بعد ذلك أفضل من حجّ التّطوّع عند محمّد، والحجّ أفضل عند أبي يوسف، وكان أبو حنيفة -رحمه الله- يقول بقول محمّد، فلمّا حجّ ورأى ما فيه من أنواع المشقّات الموجبة لتضاعف الحسنات رجع إلى قول أبي يوسف اهـ..قلتُ: قد يُقال: إنّ صدقة التّطوّع في زماننا أفضل؛ لما يلزم الحاجّ غالباً من ارتكاب المحظورات ومشاهدته لفواحش المنكرات وشُحّ عامّة النّاس بالصدقات وتركهم الفقراء والأيتام في حسرات، ولا سِيَّما في أيام الغلاء وضيق الأوقات وبتعدّي النّفع تتضاعف الحسنات، ثُمّ رأيتُ في مُتفرِّقات "اللُّباب":الجزم بأنّ الصّدقة أفضل منه، وقال شارحه القاري: أي: على ما هو المختار كما في "التجنيس" و"مُنية المفتي" وغيرهما، ولعلّ تلك الصّدقة محمولة على إعطاء الفقير الموصوف بغاية الفاقة أو في حال المجاعة وإلّا فالحجّ مشتمل على النّفقة، بل وزاد إنّ الدّرهم الّذي ينفق في الحجّ بسبعمائة ... إلخ. قلتُ: قد يُقال: ما ورد محمول على الحجّ الفرض على أنّه لا مانع من كون الصّدقة للمحتاج أعظم أجراً من سبعمائة".
-(حاشية منحة الخالق على البحر الرائق، كتاب الحج، 2/334، ط: دار الكتاب الإسلامي)