Бирөөнүн атынан умра кылып берген адам өзүнүн умрасын мурда эле аткарып койгон болушу шартпы же шарт эмеспи?
Хажж бадал (бирөөнүн атынан хажж кылуу) болот, ал эми умра бадал болбойт. Бирок адам умра кылып, анын сообун каалаган бирөөгө багыштаса, мунун эч кандай тоскоолу жок. Бул учурда ният өз атынан кылынат, умранын амалдары аткарылгандан кийин анын сообу каалаган адамга багышталат. Бир адам өмүрүндө биринчи жолу умра кылып жатып да анын сообун бирөөгө жеткире алат, мунун тыюу салынган жери жок. Бул абалда да өзүнүн умрасы аткарылган болуп эсептелет, жана сообу багышталган адамга да сооп жетет.
Ошентсе да эң жакшысы – адегенде сүннөт умраны өзүнө атайын ниет кылып аткаруу, андан кийин Меккеде болгон учурда каалаган адамга сооп жеткирүү (исал-и сооп) ниети менен умра кылып, анын сообун багыштоо.
کما فی البحرالرائق: والأصل فيه أن الإنسان له أن يجعل ثواب عمله لغيره صلاة أو صوما أو صدقة أو قراءة قرآن أو ذكرا أو طوافا أو حجا أو عمرة أو غير ذلك عند أصحابنا للكتاب والسنة
-(البحرالرائق، باب لحج عن الغیر،3/63،ط:دارالمعرفہ بیروت)