Умраны аткарууда таваф учурунда адам Каабага (Байтуллага) көз салып, бир аз убакыт карап турса, тавафы туура болобу?
Байтулланы таваф кылуу намазга окшош. Анда негизги адеп – таваф кылып баратып көздү сажда кыла турган жерге карап туруу. Эгерде Байтулланы сол тарапка алып, түз басып бара жатканда Каабанын алдындагы бөлүгү көрүнүп калса, анда мунун эч кандай зыяны жок. Бирок таваф учурунда Каабага жүзүн толук буруп карап алуу же башка жакка карап кетүү адепке туура келбейт жана макрух болуп саналат. Ошентсе да таваф аткарылган болуп эсептелет.
Ал эми таваф абалында Каабага көкүрөк же арка менен бурулуу таптакыр тыюу салынган. Эгер кимдир бирөө ушундай кылса, Каабага көкүрөгү же жону менен бурулуп баскан бөлүгү тавафка эсептелбейт жана аны кайра толуктоо (кайра аткаруу) керек болот. Толуктоо үчүн же ошол басылган аралыкты артка карай тескери кадам менен кайра басып чыгат. Эгер элдин көптүгүнөн бул мүмкүн болбосо, анда ошол бүт айланууну (чаркты) толугу менен кайра аткарат.
کما فی الدر المختار وحاشية ابن عابدين: (وطاف بالبيت طواف القدوم ويسن) هذا الطواف (للآفاقي) لأنه القادم (وأخذ) الطائف (عن يمينه مما يلي الباب) فتصير الكعبة عن يساره، لأن الطائف كالمؤتم بها والواحد يقف عن يمين الإمام، ولو عكس أعاد مادام بمكة فلو رجع فعليه دم.
(قوله: ولو عكس) بأن أخذ عن يساره وجعل البيت عن يمينه، وكذا لو استقبل البيت بوجھه أو استدبره وطاف معترضا كما في شرح اللباب وغيره (قوله: فلو رجع) أي إلى بلده قبل إعادته، (2/ 494):-