Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
376
| Date :
2026-01-07
العبادة / الحج والعمرة / أحکام العمرة

Бадал умранын өкүмү

Хаж бадал сыяктуу эле, акы төлөп бадал умра да кылдырса болобу?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Белгилүү болсун, бадал хаж шариятта далилдер менен бекитилген. Ал эми бадал умра же умра бадал деген түшүнүк фыкх китептеринде өзүнчө термин катары кездешпейт. Ошондуктан, акы төлөп бирөөнүн атынан умра кылдыруу шарият боюнча жоболонгон эмес.
Бирок, башка жакшы амалдар сыяктуу эле, умра кылып, анын сообун каалаган адамга — тирүү туугандарына же кайтыш болгон жакындарына — багыштоого (ийсал-и сооп кылууга) болот. Сообун багыштоо ниети менен умра кылуунун эки жолу бар:
Умраны өзү үчүн аткарып, андан соң анын сообун башка бирөөгө белек кылуу. Бул учурда ихрам байлоодо да, талбия айтууда да ниетти өзү үчүн кылат. Башка бирөөнүн атынан умра аткаруу. Бул учурда ихрам байлап жатканда ошол адамдын атынан ниет кылат, жана талбияны да анын атынан айтат.

مأخَذُ الفَتوی

کما فی البحرالرائق: والأصل فيه أن الإنسان له أن يجعل ثواب عمله لغيره صلاة أو صوما أو صدقة أو قراءة قرآن أو ذكرا أو طوافا أو حجا أو عمرة أو غير ذلك عند أصحابنا للكتاب والسنة
-(البحرالرائق، باب لحج عن الغیر،3/63،ط:دارالمعرفہ بیروت)

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 376 Verify Now
| | |
0    87
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة