Менин балам 15 айлык. Ал мен менен кошо умрага махрам болуп бара алабы?
Белгилүү болгондой, шариятта сапар аралык деп эсептелген 77,42 км же андан узун жолго чыгууда, аял киши менен кошо күйөөсү же болбосо бойго жеткен, же эң аз дегенде бойго жетүүгө аз калган махрамы болушу шарт. Бул — ал адам аялды карап-көзөмөлдөп, коргой алышы үчүн керек.
Мындай талап ажылык жана умра сапарына да, башка бардык максаттагы сапарларга да бирдей тиешелүү.
Ошондуктан, суралган жагдайда, 15 айлык баланы гана махрам катары кошо алып, умрага сапар тартуу шарият боюнча дурус эмес.
کما فی المحیط البرہانی: والمحرم في حق المرأة شرط، شابة كانت أو عجوزاً إذا كان بينها وبين مكة مسيرة ثلاثة أيام۔۔۔۔۔والصبي الذي لم يحتلم لا غيرة له، وكذا المجنون الذي لا يفيق؛ لأن ما هو المقصود من المحرم وهو الحفظ لا يحصل بهما."
(كتاب الحج، الفصل الاول في بيان شرائط الوجوب، ج:2، ص:419، ط دار الكتب العلمية)
و رد المحتار: والصبي الذي لم يحتلم لا غيرة له، وكذا المجنون الذي لا يفيق؛ لأن ما هو المقصود من المحرم وهو الحفظ لا يحصل بهما."
-(کتاب الحج، ج:2، ص:464، ط سعید)