Умра ихрамынан чыгыш үчүн бир шеригим ооруп калгандыктан шашып, толук халк кылбастан, башымдан аз гана чач кестим. Ал кесилген чач баштын төрттөн бир бөлүгүнө да жеткен эмес, ал тургай манжанын учундай да болгон эмес, анткени чачым манжанын учуна жеткидей узарган эмес эле. Ушундай учурда мага дам важип болобу?
Андан кийин мен Масжид Аишадан экинчи умрага ихрам кийип, умра жасап, анан башымды толук алдырдым.
Суроодо айтылгандай, баштын төрттөн бир бөлүгүнөн аз чач кесилгендиктен, адам биринчи умранын ихрамынан толук чыкпаган болуп эсептелет. Ошондуктан, эки умранын ихрамын бир учурда чогултуп алгандыгы үчүн, бул адамга дам (курмандык) чалуу важип болот.
کما فی غنیۃ الناسک : وأما في التراخي بأن أحرم بأخري بعد أن يفرغ من السعي للأولي قبل الحلق فتلزمه الثانية باتفاق الثلاثة، ولا يرفضها وعليه دم الجمع، وإن حلق للأولي قبل الفراغ من الثانية لزمه دم آخر اتفاقا، ولو بعده لا."
(فصل فى الجمع بين احرامى عمرتين فاكثر، ص:372، ط:المصباح)
و فی مجمع الانہر: (ومن فرغ من عمرته إلا التقصير) بأن أحرم وطاف وسعى ولم يقصر (فأحرم بأخرى لزمه دم) جبر؛ لأنه جمع بين إحرامي العمرة وهو مكروه."
(كتاب الحج، باب إضافة الإحرام إلى الإحرام، ج:1، ص:305، ط:دار احياء التراث العربى)