Эгер умрада саъини тавафтан мурда аткарып алса, анда дам (курмандык) важип болобу?
Тавафтан мурда аткарылган саъи шариат боюнча эсепке алынбайт, башкача айтканда, мындай саъинин эч кандай жарактуулугу жок. Ошондуктан кимдир бирөө умрада тавафтан мурда саъи кылган болсо, ал саъи жокко чыгарылган болуп эсептелет жана тавафтан кийин саъини кайрадан аткаруу милдеттүү.
Эгерде адам саъини кайра аткарбастан чачын алдырып (халк же таксир) койсо, анда важип амал ташталгандыгы үчүн дам чалуу важип болуп калат.
کما فی غنیة الناسک: " ولو سعی قبل الطواف لم یعتد به ای بذٰلک السعی، فإن سعیه حینئذ کالمعدوم، فان لم یعده فعلیه دم ای اتفاقاً۔ (غنیة الناسک ۲۷۷، مناسک ملا علی قاری ۳۵۵) "فقط واللہ اعلم