Ихрам абалында ич кийим же памперс кийүү кандай болот?
Ихрам абалында ич кийим (трусы) кийүүгө уруксат берилбейт۔
Бирок кандайдыр бир мажбур себептен (мисалы, геморрой оорусу ж.б.) улам ич кийим кийүүгө туура келсе, анда бир түн же бир күн же андан көп убакыт ич кийим кийип жүрсө бир дам (курмандык) берүү важиб болот. Ал эми бир күндөн аз убакыт кийилсе, анда садака берүү керек болот. Эгер памперстер тигилген болсо, алардын да өкүмү ушундай. Ал эми тигилбеген памперстер болсо, зарыл учурда кийүүгө уруксат, ал эми зарылдыксыз кийүү макрух болот۔
کما فی بدائع الصنائع في ترتيب الشرائع: (2 / 183):
" فالمحرم لايلبس المخيط جملة"
"وشد الهمیان في وسطه، سواء کانت النفقة له أو لغیره، وسواء کان فوق الإزار أو تحته؛ لأنه لم یقصد به حفظ الإزار، بخلاف ما إذا شد إزاره بحبل مثلاً". (غنیة الناسك ۹۲، معلم الحجاج ۱۱۵)