аял киши ихрам абалында жыттуу санитардык прокладканы колдонсо болобу? Куран жана хадистердин негизинде кеңири түшүндүрүп берсеңиздер.
Белгилүү болгондой, ихрам абалында жыт (атыр) колдонулган учурда жаза талап кылынат. Ошондуктан, суралган маселеде эгер жыттуу санитардык прокладка ихрамга ниет кылуудан мурда тагылса, анда дам (курмандык) важиб болбойт. Ал эми эгер жыттуу прокладка ихрамга ниет кылгандан кийин тагылса жана ал бир карыш квадрат өлчөмүндө (узундугу жана туурасы бир карыштай) болуп, толук бир күн же бир түн тагылып жүрсө, анда дам важиб болот. Бирок эгер прокладканын өлчөмү бир карыштан кичине болсо же ал толук бир күн же бир түн тагылбаса, анда мындай учурда садака берүү важиб болот.
کما في غنیۃ الناسک:
’’فإن کان الطیب في ثوبہ شبرا في شبر فھو قلیل، فإن مکث یوما فعلیہ صدقۃ أو أقل منہ فقبضۃ، کذا في ’’اللباب‘‘ و’’الفتح‘‘.قال في رد المحتار: ظاھرہ أن مازاد علی الشبر کثیر، لکن لا لاعتبار الکثرۃ في الثوب بل لکثرۃ الطیب حینئذ عرفا، فإن مکث یوما فعلیہ دم أو أقل منہ فصدقۃ‘‘.(باب الجنایات،مطلب في تطییب الثوب، ص:۳۴۸،المصباح)