Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
434
| Date :
0000-00-00
العبادة / الحج والعمرة / مسائل الاحرام

Хайызы келген аялдын ихрамсыз мийкаттан өтүүсү

Умра сапарынын жүрүшүндө жамааттагы бир эжеге Мадина шаарында хайыз келип калган. Ошол абалында ал Меккеге келип, ихрамга ниет кылган эмес. Кийин тазалангандан соң Айша (танъим) мечитине барып, ихрамга кирип умранын амалдарын аткарган.
Ушундай тартипте умра кылуусу туура болдубу же бул маселеде башкача кылуу керек беле?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Бул суроодогу жагдайга ылайык, суроодогу аял ихрамсыз абалда мийкаттан өткөн. Айыз абалында болсо да аял микаттан ихрамга ниет кылып өтүшү керек эле. Айыз ихрамга тоскоол болбойт, тыюу салынганы — таваф гана. Андан кийин да кандайдыр бир мийкаттан ихрам байлабастан, Масжид Айшадан умра ниети менен ихрам байлап, умраны аткарган.
Ошондуктан, мийкаттан ихрамсыз өткөндүгү үчүн суроодогу аялга бир дам (кой же эчки) чалуу милдеттүү болот. Ал курбандыкты Харам аймагынын ичинде берүү зарыл.

مأخَذُ الفَتوی

کما فی رد المحتار: وقد تجب کما إذا اجاوز المیقات بلا إحرام(قوله کما إذا جاوز المیقات بلا إحرام) أی فإنه یجب علیه أن یعود إلی المیقات ویلبی منه، وکذا یجب علیه قبل المجاوزۃ، قال فی الهدایة: ثم الآفاقی إذا انتهی إلی المواقیت علی قصد دخول مکة علیه أن یحرم قصد الحج أو العمرۃ عندنا أو لم یقصد لقوله - صلی اللہ علیه وسلم - لا یجاوز أحد المیقات إلا محرما ولو لتجارۃ ولأن وجوب الإحرام لتعظیم هذہ البقعة الشریفة، فیستوی فیه التاجر والمعتمر وغیرهما".( کتاب الحج،ج:2،ص: 455 ، سعید)

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 434 Verify Now
| | |
0    73
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة