Ихрам абалында сууктан сактануу үчүн жууркан жамынып уктадым. Уктап жатканда жууркан кээде буттарыма да жабылып калчу, бирок көзүм ачылган сайын буттарымды ачык кылып койчумун. Ушундай учурда садака важиб болобу же дам (курмандык) керекпи? Эгер садака важиб болсо, анын өлчөмү канча болот?
Ихрам абалында сууктан сактануу үчүн жууркан же плед жамынууга уруксат берилет. Бирок баш ачык болушу зарыл. Дененин калган бөлүгүнө жууркан жабылып турса, мында эч кандай тыюу жок. Ошондуктан, суралган абалда жууркан жамынып уктап жатканда буттар жабылып калса да, бул үчүн дам да, садака да важиб болбойт.
و في غنية الناسك : و يكره كب وجهه علی وسادة بخلاف خديه، و كذا وضع رأسهعلیها، فإنه وإن لزم منه تغطیة بعض وجهه أو رأسه إلا أنه رفع تکلیفه؛ لدفع الحرج، فإنه الهيئة المستحیة في النوم، بخلاف كب الوجه، لا ستر سائر بدنه سوي الرأس و الوجه، فإنه لا شيء علیه لو عصبه، و یكرہ إن کان لغیر عذر؛ لأنه نوع عبث، فجاز تغطیة اللحیة ما دون الذقن وأذنیه وقفاه، و هو وراء العنق، وکذا تغطیة کفيه و قدميه ما فوق مقعد الشراك بما لایکون لبسًا، کتغطیتهما بمندیل ونحوہ."
( باب الإحرام،فصل في محرمات الإحرام، ص: ٨٨، ط: إدارة القرآن)