Ихрам абалында жыттуу гүлдөрдү, мисалы роза сыяктуу гүлдөрдү колго кармоо же андан жасалган моюнча (гүл таажы) тагынуу кандай? Мындай кылуудан дам (кой сойуу) важип болобу?
Белгилүү болсун, гүлдөн жасалган моюнча (гүл таажы) адатта жыт алуу максатында тагылбайт. Башкача айтканда, атыр сыяктуу нерселерде жыт алуу негизги максат болсо, ал эми гүлдөрдү колдонууда мындай максат көздөлбөйт. Ошондуктан, жыттуу гүлдөрдү колго кармоо же гүл таажы, моюнчаны тагынуу шарият боюнча эч кандай жаза талап кылбайт, бирок бул амал макрух болуп саналат.
Ал эми эгер кимдир бирөө атайын жыт алуу максаты менен гүл моюнчаны тагынса, анда дам важип болот.
الفتاوی: الھندیہ: قال أصحابنا الأشياء التي تستعمل في البدن على ثلاثة أنواع .... ونوع ليس بطيب بنفسه ولكنه أصل للطيب يستعمل على وجه التطيب ويستعمل على وجه الدواء كالزيت والشيرج ويعتبر فيه الاستعمال فإن استعمل استعمال الأدهان في البدن يعطى له حكم الطيب، وإن استعمل في مأكول أو شقاق رجل لا يعطى له حكم الطيب كذا في البدائع ولا فرق في المنع بين بدنه، وإزاره وفراشه، كذا في فتح القدير فإذا استعمل الطيب فإن كان كثيرا فاحشا ففيه الدم، وإن كان قليلا ففيه الصدقة كذا في المحيط."(كتاب المناسك،الباب الثامن،الفصل الأول،ج1،ص240،رشیدیہ)