Бирөө гусул алып, андан кийин маасы кийет. Андан соң уктап калат. Туруп, намаз окуш үчүн жаңы даарат алат жана дааратта маасыга масх кылат. Кийин бир себептен улам маасыларын чечет жана масысыз намаз окуйт. Бул учурда даарат сакталабы же кайрадан жаңы даарат алыш керекпи?
Эгер суроо боюнча карасак, толук тазалануудан (гусул же толук даараттан) кийин маасы кийип, даарат бузуучу эч кандай иш жасабай туруп гана маасыларан чечкен болсо — анда мындай учурда анын даараты бузулган болуп эсептелбейт.
Бул учурда ага болгону буттарын жууш жетиштүү болот, толугу менен кайра баштан даарат алуу парз эмес.
کما فی بدائع الصنائع في ترتيب الشرائع : (و منها) نزع الخفين ؛ لأنه إذا نزعهما فقد سرى الحدث السابق إلى القدمين ، ثم إن كان محدثًا، يتوضأ بكماله ، و يصلي ، و إن لم يكن محدثًا يغسل قدميه لا غير ، ولايستقبل الوضوء۔(1 / 12)۔