Эгер бир адам, заарасы токтобой агып туруучу ооруга чалдыккан болсо, ал киши кантип намаз окуп, Куран тилават кылышы керек? Мисалы, ал бир намаз үчүн даарат алса, ошол бир даарат ошол намазга эле жетиштүүбү? Эгер намаз окугандан кийин Куранды кармап тилават кылгысы келсе, анда кайра жаңы даарат алышы керекпи, же намаз үчүн алган даараты эле жетеби?
Суроодо баяндалган адам эгер чынында эле шариаттагы үзүрлүү (мазур) деп эсептелсе, башкача айтканда, заара токтобой агып туруучу оорусунун айынан намаздын бүтүндөй убактысы ичинде таза абалда намаз окууга жетиштүү убакыт таппай жатса, анда мындай адамга шариат боюнча өкүм төмөнкүдөй болот:
Биринчи жолу мындай адам намаздын акыркы убактысына чейин күтүшү керек. Мисалы, Зухр намазынын башталышы 12:45 болсо, ал эми акыркы убактысы 5:00 болсо — анда ал 5:00 жакынкы убакта даарат алып, намаз окушу керек. Кийинки намаздар үчүн ар бир намаздын убактысы киргенде жаңы даарат алып, ошол даарат менен намаздарын жана башка ибадаттарын (мисалы, Куран тилават) аткара берет. Бул учурда, ошол убакыт бүткөнгө чейин чыккан тамчылар дааратты бузбайт. Бирок, билип койуу керек: Эгер келечекте кандайдыр бир намаз убактысы ичинде оору убактылуу токтоп, ошол убакта даарат менен намаз окууга мүмкүнчүлүк жаралса, анда бул адам “мазур” статусун жоготот, жана ага кайра кадимки адамдар сыяктуу эле тазалык эрежелери колдонулат.
فی الفتاوى الهندية: المستحاضة ومن به سلس البول أو استطلاق البطن أو انفلات الريح أو رعاف دائم أو جرح لا يرقأ يتوضئون لوقت كل صلاة ويصلون بذلك الوضوء في الوقت ما شاءوا من الفرائض والنوافل هكذا في البحر الرائق اھ(1/ 41)۔
وفیه أیضاً: شرط ثبوت العذر ابتداء أن يستوعب استمراره وقت الصلاة كاملا وهو الأظهر كالانقطاع فلا يثبت ما لم يستوعب الوقت كله حتى لو سال دمها في بعض وقت صلاة فتوضأت وصلت ثم خرج الوقت ودخل وقت صلاة أخرى وانقطع دمها فيه أعادت تلك الصلاة لعدم الاستيعاب اھ(1/ 40)۔