Бул маселе тууралуу урматтуу аалымдар жана муфтилер эмне дешет: Мен чет өлкөдө окуган студентмин. Бул жакта Зухр менен Асрдын ортосунда сабак болуп, ошол маалда даарат алып жатсам, бир күнү профессорум мени дааратканада жуугуч (умывальник) те бутумду жууп жатканымды көрүп, андай кылбоону айтты. Ошондон кийин намаз окуу үчүн үйгө (жатаканага) кайтууга мажбур болуп калдым. Суроо: Мындай шартта мен бутумду жуубай эле масх тартып койсом болобу? Мындай кылсам, менин дааратым толук болобу? Мен Ханафи мазхабындамын.
Мындай учурда суроо берүүчү киши бутун умывальникте жуугандын ордуна, дааратканада же башка ылайыктуу жерде отургуч сыяктуу нерсеге отуруп жууганы туура болот, же болбосо үйдөн даарат алып келгени жакшы.
Бул сыяктуу кадимки абалда бутка масх тартууга уруксат берилбейт, андан сактануу керек.
قال اللہ تعالیٰ: ﴿يَاأَيُّهَا الَّذِينَ آمَنُوا إِذَا قُمْتُمْ إِلَى الصَّلَاةِ فَاغْسِلُوا وُجُوهَكُمْ وَأَيْدِيَكُمْ إِلَى الْمَرَافِقِ وَامْسَحُوا بِرُءُوسِكُمْ وَأَرْجُلَكُمْ إِلَى الْكَعْبَيْنِ﴾ (المائدة: 6)۔
وفي الاختيار لتعليل المختار: من أراد الصلاة وهو محدث فليتوضأ. وفرضه: غسل الوجه، وغسل اليدين مع المرفقين، ومسح ربع الرأس، وغسل الرجلين مع الكعبين اھ(1)۔