Бир киши заара кылгандан кийин тамчы тамган ооруга кабылган. Ал мындайча: Заара өзүнчө эле бат-баттан келет . Ар бир 2–3 саатта, анан ар кайсы убакта 1–2 тамчы тамчылайт. Кээде 5 мүнөттөн кийин, кээде 10 мүнөттөн кийин, кээде жарым саат же бир саат өткөндө да келип калат. Ошонун айынан кийимдери таза бойдон калбайт. Анын жүрөгү намаз окугусу келип турат, бирок дал ушул себептен улам окуй албай калат. Себеби саждага жыгылганда тамчылар агып кетет. Эми мындай учурда ал эмне кылышы керек? Ошол эле кийим менен намаз окуй берсинби же башка бир чара көрүшү керекпи? Кээде дал ушул себептен улам намаздары да өтүп кетет жана кийинчерээк ошол намаздарды казасын окуп жүрөт. Мындай кылганы үчүн ал күнөөгө батабы? Намаздарды кечиктиргени үчүн Аллахтын алдында жоопко тартылат бекен?
Көрүнүшүнө караганда бул киши шариаттагы үзүрлүү (маъзур) адамдардын катарында эмес, анткени ал намаз убактысынын ичинде тазалык (даарат) менен намаз окууга мүмкүнчүлүк табууда. Ошондуктан ал киши эмне кылышы керек: Заара тамчыларынын токтошун күтүү керек, жана алар толук токтогондон кийин даарат алып, намаз убактысы бүткүчө намазын окуп алышы керек.
فی الدر المختار: (وصاحب عذر من به سلس) بول لا يمكنه إمساكه (أو استطلاق بطن أو انفلات ريح أو استحاضة) أو بعينه رمد أو عمش أو غرب، وكذا كل ما يخرج بوجع ولو من أذن وثدي وسرة (إن استوعب عذره تمام وقت صلاة مفروضة) بأن لا يجد في جميع وقتها زمنا يتوضأ ويصلي فيه خاليا عن الحدث (إلی قوله) (وحكمه الوضوء) لا غسل ثوبه ونحوه (لكل فرض) (إلی قوله) (ثم يصلي) به (فيه فرضا ونفلا) فدخل الواجب بالأولى (فإذا خرج الوقت بطل) أي: ظهر حدثه السابق، حتى لو توضأ على الانقطاع ودام إلى خروجه لم يبطل بالخروج ما لم يطرأ حدث آخر أو يسيل اھ(1/ 305)۔
وفی حاشية ابن عابدين: ولو عرض بعد دخول وقت فرض انتظر إلى آخره، فإن لم ينقطع يتوضأ ويصلي ثم إن انقطع في أثناء الوقت الثاني يعيد تلك الصلاة. وإن استوعب الوقت الثاني لا يعيد لثبوت العذر حينئذ من وقت العروض. اهـ.(1/ 305)۔