Ассаламу алайкум ва рахматуллахи ва баракатуху!
Бүгүнкү күндө териден тигилген масылар сыдырма менен бутка кармалып тургудай болуп жасалууда. Суроо: мындай сыдырма менен бекитилген масыларга масх тартууга болобу? Себеби масыга масх тартууга байланыштуу мындай өкүм окуган элек: Масы бутка таңбастан, өзү эле кармалып турушу керек. Ал эми суроодо айтылган масылар сыдырмасыз бутка жабышып турбайт. Бул тууралуу шарияттык түшүндүрмө берип коюңуздар. Рахмат!
Эгер масылар толугу менен териден жасалалып, анда сыдырмасы болсо, даарат маалында алардын үстүнөн масх тартуу шарият боюнча жарактуу болот. Анткени масыга коюлган «байланбастан бутта турушу керек» деген шарт териден жасалган масыларга тиешелүү эмес. Ошондуктан базарда кеңири таралган териден тигилген, сыдырмалуу масыларга даарат учурунда масх тартууга шариятта кенен уруксат берилет.
کما فی رد المحتار: (قوله شرط مسحه) أي مسح الخف المفهوم من الخفين؛ (الیٰ قوله) (قوله ثلاثة أمور إلخ) زاد الشرنبلالي : لبسهما على طهارة و خلو كل منهما عن الخرق المانع و استمساكهما على الرجلين من غير شد و منعهما وصول الماء إلى الرجل و أن يبقى من القدم قدر ثلاثة أصابع. اهـ. (الیٰ قوله) (قوله فيجوز على الزربول) بفتح الزاي و سكون الراء (الیٰ قوله) (قوله لو مشدودا) ؛ لأن شده بمنزله الخياطة و هو مستمسك بنفسه بعد الشد كالخف المخيط بعضه ببعض فافهم اھ (1/261)۔