Мен бир банкта иштейм, көбүнчө бешим, аср жана шам намаздарын банктын ичинде окуп калабыз. Даарат учурунда айрым адамдар байпактарын чечпей эле үстүнөн масх тартышат же жөн гана колдорун сүртүшөт, буттарын толук жуушпайт. Башкалары болсо бут кийимдерин, байпактарын чечип, жеңил шлепка кийип алып толук даарат алышат. Байпакын үстүнөн масх тарткандар мындай дешет: “Биз эртең менен үйдөн чыкканда бут кийим жана байпак кийерден мурда даарат алабыз. Кийин даарат бузулуп калса, байпактын үстүнөн масх тартуу же кол сүртүү эле жетиштүү болот.”
Ушул маселеде түшүндүрүп койсоңуз: Эгер эртең менен даарат алып, анан байпак кийип алсак, андан кийин күнү бою байпактын үстүнөн гана кол сүртүү же масх менен эле даарат кылсак, намаз жарактуубу? Рахмат!
Азыркы кеңири тараган жука байпактарга масх тартуу шарият боюнча жарактуу эмес, андан сактануу зарыл. Бирок эгер жүндөн же пахтадан тигилген байпактар ушунчалык калың болуп, аларды кийип алып бут кийимсиз үч мильдей жөө басууга мүмкүн болсо, ошондо да айрылып кетпесе, жана алар резинка же башка нерсе менен таңбастан бутта кармалып турса, ошондой эле сууну ичине өтпкөрбөс, анда мындай байпактар териден тигилген маслар сыяктуу өкүмгө ээ болот. Мындай учурда аларга масх тартууга да уруксат берилет.
کما فی الدر المختار : (أ و جوربيه) و لو من غزل أ و شعر (الثخينين) بحيث يمشي فرسخا و يثبت على الساق و لا يرى ما تحته و لا يشف إلا أن ينفذ إلى الخف قدر الفرض اھ (1 /269)۔