Жамаатка жетишүү үчүн убакыт тар болгон учурда даараттын парздарын гана аткарып коюу жетиштүү болобу?
Жамаатка жетишүү үчүн даараттын сүннөттөрүн жана башка мустаҳап амалдарын таштоого уруксат бар, бирок бул учурда парз болгон бөлүктөрдү толук жууп, дененин эч бир жери (бир тал чач өлчөмүндө да) кургак калбоосу шарт, болбосо даарат жараксыз болот. Бирок бул ыкманы адатка айландырбоо керек. Эгерде жамааттын убактысынан мурун даарат алып, намазга толук даярдык көрүлсө — бул абзелирээк амал болуп, сооп менен сыйлыкка себеп болот. Жана дал ушундай мамиле — момун мусулмандын сыпаты болушу керек.
ففی حاشية ابن عابدين: قال في القنية: لو خاف أنه لو صلى سنة الفجر بوجهها تفوته الجماعة، ولو اقتصر فيها بالفاتحة وتسبيحة في الركوع والسجود يدركها فله أن يقتصر عليها لأن ترك السنة جائز لإدراك الجماعة، فسنة السنة أولى اھ(2/ 57)