Ассаламу алейкум! Урматтуу агай, сурайын дегем: эгерде ванна бөлмөсү даараткана менен бириккен болсо, анда даарат алып жатып даараттын дубаларын окууга болобу? Чоң рахмат!
Азыркы колдонулуп жаткан ваннада (жуунуучу жана даараткана бөлүгү ортосунда дубал болбогон бөлмөдө) даарат алуу жаиз. Бирок даарат маалында окулуучу дубаларды тил менен айтууга болбойт, жүрөктөн гана айтуусу керек.
کما فی الدر المختار : (قوله : إلا حال انكشاف) الظاهر أن المراد أنه يسمي قبل رفع ثيابه إن كان فی غير المكان المعد لقضاء الحاجة و إلا فقبل دخوله ، فلو نسی فيهما سمى بقلبه و لا يحرك لسانه تعظيما لاسم الله تعالى اھ (1/ 109)۔