Истинжа кылгандан кийин заара каналында калган нымдуулукту кургатуу зарылбы? Бир адам аны кургатып алып даарат алган, бирок бир аз убакыт өткөндөн кийин заара каналында кайра нымдуулук пайда болгон. Мындай учурда даараты бузулабы? Намазга кандай өкүм берилет? Шарияттын өкүмү кандай?
Эгер бирөөнүн заарасы токтобой, зааранын тамчылашы сыяктуу оору болсо, анда ал заарасын бүтүргөн соң заара каналын да кургатып туруусу керек, ошондо кийин шек-шексанга кабылып калбайт. Бирок ошондон кийин да заара каналынын ичинде тамчы пайда болуп, ал жыныс мүчөсүнүн сыртына чыкпаса, анда мындай учурда даарат бузулбайт.
. فی المحیط البرهانی : قال الشيخ الإمام شمس الأئمة الحلواني رحمه الله : و تأويل هذا في الذي يرى البلل على طرف ذكره و قد استنجى ، فيحتمل أن يكون ذلك من بلل الغسل، فأما إذا علم الرجل أنه خرج من داخل الإحليل فعليه أن يتوضأ . و من أصحابنا من قال : و إن علم أنه خرج من ذكره لا ينتقض وضوءه ما لم يستيقن أنه بول أو مذي إذا كان قد استنجى ، فقد ذكر في بعض »النوادر« أن المستنجي إذا دخل الماء في ذكره ثم خرج لا ينقض وضوءه ، فيحتمل أن يكون هذا الخارج من ماء الاستنجاء ، قال شيخ الإسلام رحمه الله : الحيلة في قطع هذه الوسوسة أن ينضح فرجه بالماء ، فإذا أراه الشيطان ذلك أحاله على الماء اھ (۱/ ۷۶)۔