Дааратты бузган маселелер тууралуу кененирээк айтып бериңизчи: эгер кош бойлуу аял намаз учурунда алдыңкы тарабынан беш-алты жолу жел чыкканын сезсе, анда ар бир рекетте кайра даарат алуу зарыл болобу?
Ден соолугу жайында болгон аялдын алдыңкы аврат жеринен чыккан жел (аба) менен даарат бузулбайт. Ошондуктан мындай себеп менен кайра-кайра даарат алуунун кереги жок.
. کما فی الدر المختار : (و ينقضه) خروج منه كل خارج (نجس) (الیٰ قوله) (إلى ما يطهر) (الیٰ قوله) (و) خروج غير نجس مثل (ريح أو دودة أو حصاة من دبر لا) خروج ذلك من جرح و لا خروج (ريح من قبل) غير مفضاة اھ (1 /136)۔