Пайгамбарыбыз ﷺ даарат жана гусул алуу үчүн канча литр суу колдончу, литр менен айтып бериңизчи?
Пайгамбарбыз ﷺ тууралуу хадистер китептеринде айтылгандай, Пайгамбарбыз ﷺ бир муд (анын көлөмү болжол менен 796,068 грамм) суу менен даарат алып, бир саъ (анын көлөмү болжол менен 3,184272 килограмм) суу менен гусул кылгандыгы туурасында келет. Бирок бул даарат жана гусул үчүн так чектелген өлчөм эмес, болгону эң аз өлчөмү көрсөтүлгөн. Ошондуктан зарылчылыкка жараша кимдир-бирөө мындан аз же көп суу колдонсо да, бул да жаиз болуп эсептелет.
کما فی صحیح المسلم:عن أنس قال کان النبی ﷺ یتوضأ بالمد و یغتسل بالصاع الیٰ خمسة امداد (1/149)۔