Биздин көптөн бери балабыз жок, аялым дарыланып жатат. Дарылоо маалында дарыгер жатынга салуу үчүн дары берген. Дарыгер дарыны колдонуп жаткан учурда суу колдонбоо керектигин айтты жана дары салынганда жатындан суу чыгып турат. Ушундай шартта намаздын өкүмү кандай болот? Каза кылса болобу? Кийин казаларды окуп алса болобу же башка жол барбы?
Суроочунун суроосу так эмес: дарыгер аялына сууну ичүүдөн тыйдыбы же тышкы колдонууданбы? Муну тактап, суроону кайра жөнөтсөңүз, иншаа Аллах шарияттагы өкүмү да билдирилет. Ал эми жатындан суу чыкканда даарат бузулат. Мындай учурда суроочунун аялына кеңеш: суу тамчылары токтогондо даарат алып, намаз окуй берсин. Намаздарды ушул себеп менен каза кылуу эч качан жаиз эмес.
فی الدر المختار : (و صاحب عذر من به سلس) بول لا يمكنه إمساكه (أو استطلاق بطن أو انفلات ريح أو استحاضة) أو بعينه رمد أو عمش أو غرب ، و كذا كل ما يخرج بوجع و لو من أذن و ثدي و سرة (إن استوعب عذره تمام وقت صلاة مفروضة) (إلی قوله) (و حكمه الوضوء) لا غسل ثوبه و نحوه (لكل فرض ثم يصلي) به (فيه فرضا و نفلا) اھ (1/ 305)-