Эгер бир үйдө суу чыгаруучу кудук (скважина) казылып жаткан болсо, ошол үйдүн кишилери ага береке үчүн замзам суусун куюп жиберсе кандай болот? Айрымдар: «Бул замзамды кордоо болот, анткени ал суу дааратканаларга, жуунучу жайларга жана ашканадагы раковинага да барат, бул замзамды кордоо болуп калат. Анткени замзамдын бир гана тамчысы кадимки сууга аралашса, бүтүндөй ошол сууга замзамдын касиети өтөт» — деп айтышууда.
(Эскертүү: бул касиет тууралуу сөздү азыр илим да тастыктап жатат жана окумуштуулар тажрыйба жүргүзүп да көрүшкөн.)
Сураныч, ушул иштин чыныгы абалын жана шарияттагы өкүмүн түшүндүрүп берсеңиздер. Эгер замзам скважинага куюлуп жиберилсе, шарият боюнча кандай өкүм болот? Рахмат!
Скважина казуунун башында береке үчүн замзам суусун куюп жиберүү менен ошол скважинадагы бүтүндөй суу замзам өкүмүнө өтүп кетпейт, ал кадимки эле суу өкүмүндө калат. Ошондуктан ал суу менен даарат, гусул ж.б. иштерди толук уруксат.
و فی الدر المختار: (يرفع الحدث) مطلقا (بماء مطلق)(الیٰ قوله) (وماء زمزم) بلا كراهة اھ (1/179)۔
و فی رد المحتار: (قوله يكره الاستنجاء بماء زمزم) وكذا إزالة النجاسة الحقيقية من ثوبه أو بدنه اھ (2/625)۔