Суроо ушундай: менин агам эки жылдан бери оорулуу, ага зааранын чыкканын билүү мүмкүн эмес. Ошондуктан ага заара чыгаруучу баштыкча жана түтүк коюлган. Ушундай абалда намазды кандайча окуса болот? Же Алла Таала кечирип коёт бекен? Же кайсы тариз менен амал кылуу керек болсо, ошону түшүндүрүп берсеңиз, чоң ырахмат болот эле.
Оору болгон учурда да намаз эч качан кечирилбейт, эгер акыл-эс ордунда болсо, намаз окуу парз болуп эсептелет. Сиз сурагандай, эгер агасынын оорусу ушунчалык тынымсыз болуп, ар бир намаздын толук убактысында дааратты бузбай намаз окууга мүмкүнчүлүк болбой турса, анда ал шарият боюнча үзүр ээси өкүмүнө кирет.
Тартиби мындай: Маселен, бешим намазынын башынан аягына чейин күтсө да, таза даарат менен намаз окууга убакыт чыкпаса, анда акыркы убакытта даарат алып, парз намазды гана окуйт. Андан кийин аср намазына келгенде убакыт бүтүшүн күтпөй, намаздын алдында баштыкчаны бошотуп, даарат алып намаз окуйт. Эгер намаз учурунда же даараттан кийин заара чыгып кетсе да — даарат бузулбайт. Магриб жана ыша намаздарында да ушинтип ар бир намазга өзүнчө даарат алат. Бул убакыт аралыгында башка дааратты бузчу нерселер болбосо, зааранын үзгүлтүксүз чыгышы анын дааратын бузбайт. Бирок эгер бир толук намаздын убактысы эч заара чыкпастан өтүп кетсе, анда ал киши «үзүр ээси» болбой калат да, кадимки өкүмгө кайтып келет. Демек, агаңыз ар бир намаздын алдында баштыкчаны тазалап, жаңы даарат алып намаз окуй берет. Заара чыгып кетсе даарат бузулбайт. Бир убакыт эч заара чыкпастан өтүп кетсе, анда ал адаттагы өкүмгө кайтып келет.
کما فی الدر: (وصاحب عذر من به سلسل) بول لا یمكنه إمساكه(أو استطلاق بطن أو انفلات ريح أو استحاضة) أو بعينه رمد أو عمش أو غرب، وكذا كل ما يخرج بوجع ولو من أذن وثدي وسرة (إن استوعب عذره تمام وقت صلاة مفروضة)بأن لا يجد في جميع وقتها زمنا يتوضأ ويصلي فيه خاليا عن الحدث (ولو حكما) لأن الانقطاع اليسير ملحق بالعدم (وهذا شرط) العذر (في حق الابتداء، وفي) حق (البقاء كفى وجوده في جزء من الوقت) ولو مرة (وفي) حق الزوال يشترط (استيعاب الانقطاع) تمام الوقت (حقيقة) (الی قوله) (ثم یصلی) به (فیه فرضًا ونفلًا) فدخل الواجب بالأولیٰ (فاذا خرج الوقت بطل) اه (ج ۱، ص۳۰۵)