Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
433
| Date :
2026-01-29
الحظر والاباحة / /

Беш айлык кош бойлуулукту токтотуунун (алдыруунун) өкүмү

Ассаламу алайкум!Жубайым учурда беш айлык боюнда бар. УЗИ текшерүүсүнүн жыйынтыгында баланын кыз экени жана эки бутунун тамандары ичкери карап, бири-бирине жакын абалда экени аныкталды. Дарыгерлер төрөлөрү менен операция жасоо керектигин айтышууда, бирок анын так жыйынтыгына кепилдик жок экенин да эскертишти. Мындан тышкары, баланын кийин баспай калуу коркунучу да бар экендигин билдиришти. Бул жагдай бизди терең ойго салып, айрыкча кыз бала кийин чоңойгондо кыйналып калбайбы деген кыжаалаттык жаратууда. Ушуга байланыштуу дарыгерлер кош бойлуулукту токтотобу же баланы төрөп алабызбы деген суроону коюп жатышат.
Ушундай абалда биз кандай чечим кабыл алышыбыз керек? Баланы алдырып салуу туурабы же мындан баш тартуу керекпи? Ушул маселеге байланыштуу кеңешиңизди сурайбыз.

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Белгилей кетүүчү нерсе: эгер кош бойлуулук аялдын өмүрүнө коркунуч жаратса же ага олуттуу зыян келтирүү коркунучу болсо жана муну тажрыйбалуу, ишенимдүү мусулман дарыгер тастыктап берсе, мындай жүйөлүү себептердин негизинде жатынга рух кире электе (анын мөөнөтү болжол менен төрт айга чейин) кош бойлуулукту токтотууга уруксат берилет.
Ал эми төрт ай өткөндөн кийин кандай гана шарт болбосун, кош бойлуулукту токтотууга жол берилбейт. Ошондой эле, эгер олуттуу жүйөлүү себеп болбосо, анда кош бойлуулукту төрт айга чейин да токтотуу жараксыз, тескерисинче, чоң күнөө болуп эсептелет.
Демек, суроодо айтылган жагдайда,УЗИ (ультраүндүк) текшерүүдө баланын кандайдыр бир оорулуу экени же андан келип чыгуучу коркунуч так, анык далилденбейт, болгону божомол деңгээлинде гана болот. Ал тургай, эгер бул коркунуч анык деп эсептелсе да, Ааламдын Жаратуучусу калган мөөнөт ичинде бул оорудан айыктырууга толук кудуреттүү.
Ал эми бала акыркы учурга чейин ошол ооруда калат деп болжолдонсо да, анын кош бойлуулугун токтотууга болбойт, анткени оорулуу адамды өмүрүнөн ажыратуу шариятта уруксат эмес.

مأخَذُ الفَتوی

کما فی رد المحتار: "وكذلك المرأة يسعها أن تعالج ‌لإسقاط ‌الحبل ما لم يستبن شيء من خلقه وذلك ما لم يتم له مائة وعشرون يوما ثم إذا عزل وظهر بها حبل هل يجوز نفيه؟ قالوا إن لم يعد إلى وطئها أو عاد بعد البول ولم ينزل جاز له نفيه وإلا فلا كذا في التبيين."
(كتاب النكاح، الباب التاسع في نكاح الرقيق، فصول في خيار العتق، ج:1، ص:335، ط: رشیدیة)
و فیہ ایضاً:
"وإن أسقطت بعد ما استبان خلقه وجبت الغرة كذا في فتاوى قاضي خان.
العلاج لإسقاط الولد إذا استبان خلقه كالشعر والظفر ونحوهما لا يجوز وإن كان غير مستبين الخلق يجوز وأما في زماننا يجوز على كل حال وعليه الفتوى كذا في جواهر الأخلاطي.
وفي اليتيمة سألت علي بن أحمد عن إسقاط الولد قبل أن يصور فقال أما في الحرة فلا يجوز قولا واحدا وأما في الأمة فقد اختلفوا فيه والصحيح هو المنع كذا في التتارخانية."
(کتاب الکراهیة، الباب الثامن عشر في التداوي والمعالجات وفیه العزل وإسقاط الولد، ج:5، ص:356، ط: رشیدیة)
و فی الموسوعة الفقهية الكوتية: وذهب الحنفیة إلی إباحة إسقاط العلقة حیث أنهم یقولون بإباحة إسقاط الحمل ما لم یتخلق منه شيء ولم یتم التخلق إلا بعد مائة وعشرین یوماً، قال ابن عابدین: وإطلاقهم یفید عدم توقف جواز إسقاطها قبل المدة المذکورة علی إذن الزوج، وکان الفقیه علي بن موسی الحنفي یقول: إنه یکره فإن الماء بعد ما وقع في الرحم مآله الحیاة، فیکون له حکم الحیاة کما في بیضة صید الحرم، قال ابن وهبان: فإباحة الإسقاط محمولة علی حالة العذر أو أنها لا تأثم إثم القتل."
(‌‌‌‌علقة، الأحكام المتعلقة بالعلقة، ج:30، ص:285، ط: دارالسلاسل)

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 433 Verify Now
| | |
0    92
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة
  • 3
  • الاثم
    Грех и незаконные действия
    1