Умра амалы бүткөн. Бир эле чач алуу гана калган. Ушул сүрөттө ал өзүнүн чачын өзү алса өкүмү кандай?
Белгилүү болгондой, ажылык жана умранын негизги амалдары (рукундар) аткарылып бүткөндөн кийин, ихрамдан чыгуу үчүн эркек да, аял да өзүнүн чачын өзү кессе же алдырса болот. Ошондой эле, амалдары толук бүткөн башка ихрамдагы адамга да чачын кестирип же алдырса болот. Бул иштерде эч кандай тыюу же кемчилик жок.
کما فی لباب المناسک : "(واذا حلق ) أي المحرم (راسه) اي راس نفسه (او راس غيره) أي ولو كان محرما (عند جواز التحلل) أي الخروج من الاحرام باداء افعال النسك ( لم يلزمه شيئ)".
(باب مناسک منی، فصل فی الحلق و التقصیر، ص:324، ط:مكتبه امداديه)