Ассаламу алайкум вa рахматуллахи вa баракатух, устаз! Эгер денеге (мани, мази ж.б.) өңдүү таза эмес нерсе жукса, айрыкча түшүндө түшүркөгөндөн кийин санга уруктук (мани) жукса, гусулдан мурда аны өзүнчө жууш кыйын болот. Ошондуктан мен гусул алып жатканда ошол жерге көбүрөөк суу куюп, жакшы сүртүп жууп коём, кээде самын да колдоном. Эми суроом: сөзсүз түрдө сандан ылдый жагын да сүртүп жуушум зарылбы же болгону көп суу куюу жетиштүүбү? Анткени мен душта гусул алам, суу бүт денемдин үстүнө токтоосуз агып турат. Мен бир жерден таза эмес нерсеге суу тийсе, ал тарапка жайылып кетет деп окудум эле. Ошондуктан гусул алып жатканда абдан кыйын болуп жатат, шектенип, көп убактым кетүүдө. Көпкө чейин гусул алып калам. Демек, мен адегенде напак болгон жерди көп суу менен сүртүп жууп алам, андан кийин анын ылдый жагын да суу менен сүртүп жууп алам. Мен окуучумун, түшүндө түшркөгөндөн кийин фарз гусулга эле абдан көп убактым кетип жатат.
Жунубтук гусулдун сүннөт тартиби мындай: гусулду баштоодон мурда денеге жуккан таза эмес нерсени (мисалы, мани ж.б.) алгач жууп тазалоо керек. Ошондуктан сурап жаткан адам да гусулду баштоодон мурда денесине жуккан таза эмес нерсени жакшылап жууп, денеси таза экенине ынануусу зарыл. Бул гусул маалында денедеги напак нерсе тарап кетип, тазалык жана напактык тууралуу күмөнгө түшүп калуудан сактайт. Ал эми гусулдан мурда напак нерсени жууп тазалагандан кийин кадимкидей гусул алса, бүт дене таза болуп калат. Бул маселеде себепсиз шектенип, күдүккө түшүүнүн кереги жок.
کما فی ردالمحتار: تحت (قوله: وخبث بدنه) أي لو قليلا كما يظهر من التعليل. وأفاد أن السنة نفس البداءة بغسل النجاسة، وأما نفس غسلها فلا بد منه ولو قليلة فيما يظهر لتنجس الماء بها الخ ( ض 1 ص 157 مطلب سنن الغسل ط سعید )۔
وفی الدر المختار: (البداءة بغسل يديه وفرجه) وإن لم يكن به خبث اتباعا للحديث (وخبث بدنه إن كان) عليه خبث لئلا يشيع الخ ( ج 1ص 157 مطلب سنن الغسل ط سعید )۔