Гусул фарз болгон эле, бирок эстебей калгандыктан ниет кылган жокмун. Бирок гусул алып, акырында даарат же даараттын фарздарын гана аткардым. Бир топ убакыт өткөндөн кийин гана эсиме түштү. Эми гусулум жетиштүү болобу же кайрадан гусул алуу керекпи? Кошумча айта кетсем, оффиске баруудан мурда күн сайын гусул алам жана бул учурда «тазалык жана көрктүүлүк болсун» деген ниет кылам.
Гусулда ниет кылуу сүннөт амал. Анын туура болушу үчүн ниет кылуу шарт эмес, ниетсиз да гусул жарактуу болот. Ошондуктан, сураган киши гусулдан мурда же кийин оозун чайкап, мурдуна суу тарткан болсо, анда гусулга ниет кылбаса да гусулу толук аткарылган болуп эсептелет. Демек, кайрадан гусул алуу зарыл эмес.
كما فی الشامیة : و سننه كسنن الوضوء سوی الترتیب (و قوله كسنن الوضوء) ای من البداعة بالنیة و التسمیة و السواك و التحلیل و الدلك و الولاء . اهـ (ج۱، ص۱۵۶)۔
و فی الهندیة : و ههنا سنن و آداب ذكرها بعض المشايخ يسن أن يبدأ بالنية بقلبه و يقول بلسانه نويت الغسل لرفع الجنابة أو للجنابة ثم يسمى الله تعالى عند غسل اليدين ثم يستنجى كذا في الجوهرة النيرة الخ (ج۱، ص۱۷)۔
و فی الفقه الحنفی و أدلته : فرض الغسل المضمضة و الاستنشاق و غسل جمیع البدن و سنن الغسل البداءة بالتسمیة و النیة لیكون فعله قربة ثیاب علیه . اهـ (ج۱، ص۶۳)۔