Ассаламу алайкум! Гусул туураында суроом бар. Мен туура кылып жатамбы же бул шайтан тарабынан келген васвасабы – билбей турам. Мен гусул алууда эң биринчи кылган ишим – истинжа кылам, жыныс мүчөмдү тазалайм, андан соң колдорумду жакшылап жууйм. Андан кийин «Бисмилла» дейм. Бирок күмөнүм бар: аны амалды баштардан мурда айтышым керекпи же дааратты баштагандабы?
Мен «Бисмилла» деп, колдорумду үч жолу жууп, үч жолу оозума суу алам, үч жолу мурдума суу тартам, үч жолу жүзүмдү жууп, үч жолу чыканакка чейин колдорумду жууп, андан соң башыма үч жолу суу куюп, эч бир чачым кургак калбагандай кылам. Ошондон кийин денеме адегенде оң жагымдан, анан сол жагымдан, кийин бүт денеме суу куям, эч бир мүчөм калбашы үчүн. Андан кийин буттарымды жууйм.
Эми болсо хадистерден уксам же окусам, ар бир аалым ар башка тартип менен айтып жатат. Мен «Сахих Бухариде» айтылган амалды кармануудамын. Сураныч, ушуну тактап бериңизчи, мен туура кылып жатамбы? Анткени ар дайым гусул алганда күмөн санай берем.
Гусул алууда амалдын башталышына ниет кылып тил менен «Бисмилла» айтууда эч кандай айып жок. Бирок жуунучу жайга киргенден кийин тил менен «Бисмилла» айтуу жаиз эмес. Гусулдун үч парзы бар: оозду чайкоо, мурунга суу тартуу жана бүт денеге суу куюу. Мунун сырткаркы иштеринин баары сүннөт даражасында эсептелет.
Ал эми гусулдун сүннөт тартиби мындай: адегенде колдорду билекке чейин жууп, андан соң истинжа кылып денедеги кирди тазалоо; андан кийин даарат алуу; кийин адегенде оң тарабынан, андан соң сол тарабынан бүт денеге үч жолу суу куюу. Ошондуктан суроочу гусулду ушул тартипке ылайык аткарышы керек.
کما و في الفقه السلامي: و قال الحنفية يسن في الاغتسال اثنا عشر شيئا، الابتداء بالتسمية، و النية، و غسل اليدين إلى الرسغين. وغسل نجاسة لو كانت بانفرادها، وغسل فرجه، ثم يتوضأ كوضوئه للصلاة، فيثلث الغسل ويمسح الرأس، ولكنه يؤخر غسل الرجلين إن كان يقف في محل يجتمع فيه الماء، ثم يفيض الماء على بدنه ثلاثا، ويبتدئ في صب الماء برأسه، ويغسل بعدها منكبه الأيمن، ثم الأيسر، ويدلك جسده اھ (1/535)