Ассаламу алайкум! Мен мээ ооруп жатам, ошондуктан доктор мага абдан күчтүү дары-дармектер жазып берген. Мен намазды үзбөй окуйм, бирок бул абал намазыма таасир тийгизип жатат. Анткени качан гана дары ичсем, ал кындан суюктук чыгышына себеп болууда. Мен күнүгө үч маал дары ичем жана үч маал суюктук чыгат. Эми мен эмне кылышым керек? Намазды таштасам болобу же (намазды) уланта берсемби? Ыплас болгон жеримди жана кийимимди тазалап туруп окусамчы? Анткени мен күнүгө үч маал жуунуп (гусул алып) тура албайм. Сураныч, ушул маселелерди чечүүгө жардам бериңиз. ЖазакаЛлах.
Суралган учурда алдыңкы жолдон чыккан илешкек суюктук эгерде мани болбосо, же мани болсо да шахватсыз чыкса, анда суроочу аялга гусул парз болбойт. Бирок ал суюктук менен даарат бузулат. Ошондуктан тиешелүү жерди жана кийимди жууп, жаңы даарат алып, намаз окуу аялга жаиз жана туура болот.
كما في الدر المختار و حاشية ابن عابدين : (و فرض) الغسل (عند) خروج (مني) من العضو (بشهوة) أي لذة و لو حكما كمحتلم ، و لم يذكر الدفق ليشمل مني المرأة ؛ لأن الدفق فيه غير ظاهر . اهـ (رد المحتار ، ج:1 ، ص: 159)۔
و في الفتاوى الهندية : (الفصل الخامس في نواقض الوضوء) منها ما يخرج من السبيلين من البول و الغائط و الریح الخارجة من الدبر و الودي و المذي و المني و الدودة و الحصاة الغائط يوجب الوضوء قل أو كثر و كذلك البول و الریح الخارجة من الدبر كذا في المحيط اهـ (ج:1 ، ص: 9)۔
و فيه ايضا : (الفصل الثالث في المعاني الموجبة للغسل و هي ثلاثة منها الجنابة و هي تثبت بسببين أحدهما خروج المني على وجه الدفق و الشهوة . اهـ (14/1)۔