Мен адатта түш көргөндө тамчы көрөм. Ойгонгон учурда аны «вади»нин тамчысы деп ойлойм, бирок ошентсе да гусул алам. Бул абал мени күн сайын отуз мүнөткө чейин гусул алууга мажбур кылат. Гусул алууда негизги кыйынчылык бутумду жууганда болот. Анткени бутумдун сызыктарынын ичинде топурак калат, биздин алакандын сызыктарындай. Ошондуктан мен бутумду таш менен сүрүп, ошол издер кеткиче жууйм.
Эми менин көйгөйүм мындай: окуу максатында жатаканага көчүп жатам, ал жакта жуунууга болгону бир нече мүнөт (болжол менен беш мүнөт) убакыт берилет. Мындан тышкары, ал жакта аба ырайы нөлдөн төмөн болуп калат. Ошондуктан мен мынчалык убакыт гусул ала албайм. Сураныч, мага туура жол көрсөтүңүздөр, мен бул маселе боюнча абдан тынчсызданып жатам.
Эгер суроочуга тамчылар тууралуу бул «вади»нин тамчылары экенине ишенимдүү болсо, анда мындай учурда ага гусул парз болбойт. Бирок мунун сыртында башка бир көрүнүш болсо, анда ал жөнүндө кайрадан кенирээк сурап, өкүмүн билүүгө зарыл болот.
ففی رد المحتار: اعلم أن هذه المسألة علی أربعة عشر وجها ؛ لأنه إما أن یعلم أنه منی أو مذی أو ودی أو شك فی الأولین أو فی الطرفین أو فی الأخیرین أو فی الثلاثة، وعلی كل إما أن یتذكر احتلاما أولا فیجب الغسل اتفاقا فی سبع صور منها و هی ما إذا علم أنه مذی، أو شك فی الأولین أو فی الطرفین أو فی الأخیرین أو فی الثلاثة مع تذكر الاحتلام فیها ، أو علم أنه منی مطلقا ، و لا یجب اتفاقا فیما إذا علم أنه ودی مطلقا ، و فیما إذا علم أنه مذی أو شك فی الأخیرین مع عدم تذكر الاحتلام ؛ و یجب عندهما فیما إذا شك فی الأولین أو فی الطرفین أو فی الثلاثة احتیاطا ، و لا یجب عند أبی یوسف للشك فی وجود الموجب . اهـ (ج۱، ص۱۶۳)