Эгер аял тазалануу максатында гусул алып, бирок кулагына же киндигине суу киргизүүнү унутуп койсо же ооз чайкоону унутуп койсо, андан кийин бир же бир нече намаз окуп, кийин эстеп калса – мындай учурда гусул менен окулган намаздардын өкүмү кандай болот? Гусулду кайрадан алуу керекпи жана намаздарды да кайталоо зарылбы?
Жүнүптүктөн кийинки гусулда оозду жана мурунду суу менен чайкоо жана бүт денеге суу жеткирүү парз болуп эсептелет. Мунсуз гусул толук болбойт, ал эми гусулсуз намаз да жараксыз болот. Ошондуктан мындай абалда окулган намаздарды кайра окуу важиб. Бирок толук гусулду баштан аягына чейин кайрадан алуу зарыл эмес, болгону мурунга, кулакка жана киндикке суу жеткирүү жетиштүү. Ал эми жүнүптүктөн башка гусулдарда буларга суу киргизүү парз эмес.
و فی الدر المختار وحاشية ابن عابدين: أن الغسل في الاصطلاح غسل البدن، واسم البدن يقع على الظاهر والباطن إلا ما يتعذر إيصال الماء إليه أو يتعسر كما في البحر، فصار كل من المضمضة والاستنشاق جزءا من مفهومه فلا توجد حقيقة الغسل الشرعية بدونهما، ويدل عليه أنه في البدائع ذكر ركن الغسل وهو إسالة الماء على جميع ما يمكن إسالته عليه من البدن من غير حرج اھ(1/ 151)۔
وفی الفتاوى الهندية: (الفصل الأول في فرائضه) وهي ثلاثة: المضمضة، والاستنشاق، وغسل جميع البدن على ما في المتون. (1/ 13)۔
وفی المختصر فی الفقه الحنفی: لو وجد موضعا یابسا بعد الغسل لا یجب تجدید الغسل بل یکفی اسالة الماء علیه اھ (38)۔