Ассаламу алайкум вa рахматуллахи вa баракатух, мен түшүмдө гусул ваажип болп калды, ошол эле учурда гусул алдым. Кийинчерээк бир нече тамчы мани чыгып кетти. Эми дагы гусул фарз болобу? Рахмат!
Суроодогу абалда: эгер жунубтук гусулду алып бүткөндөн кийин уктабай же заара кылбай же кырк кадам басмайынча калган манинин тамчылары чыгып кетсе, анда кайрадан жунубтук гусул алуу фарз болот. Бирок ошол убакыттын ичинде даарат менен намаз окуп койгон болсо, ал намаз туура аткарылган болуп эсептелет жана аны кайра окуу талап кылынбайт. Ал эми эгер заара кылгандан кийин же уктагандан кийин же жок эле дегенде кырк кадам баскандан кийин кумарсыз түрдө манинин тамчылары чыкса, мындай учурда кайра гусул алуу фарз болбойт, бирок анын себебинен даарат бузулат. Ошондуктан намаз окуу үчүн жаңы даарат алуу зарыл.
ففی الفتاوى الهندية: لو اغتسل من الجنابة قبل أن يبول أو ينام و صلى ثم خرج بقية المني فعليه أن يغتسل عندهما خلافا لأبي يوسف - رحمه الله تعالى – و لكن لا يعيد تلك الصلاة في قولهم جميعا. كذا في الذخيرة و لو خرج بعد ما بال أو نام أو مشى لا يجب عليه الغسل اتفاقا. كذا في التبيين اھ (1/ 14)
و فی البحر الرائق شرح كنز الدقائق: و الثالث أن المجامع إذا اغتسل قبل أن يبول أو ينام ثم سال منه بقية المني من غير شهوة يعيد الاغتسال عندهما خلافا له فلو خرج بقية المني بعد البول أو النوم أو المشي لا يجب الغسل إجماعا؛ لأنه مذي و ليس بمني؛ لأن البول و النوم و المشي يقطع مادة الشهوة اهـ. و في فتح القدير و كذا لا يعيد الصلاة التي صلاها بعد الغسل الأول قبل خروج ما تأخر من المني اتفاقا وقيد المشي بالكثير في المجتبى وأطلقه كثير و التقييد أوجه؛ لأن الخطوة والخطوتين لا يكون منهما ذلك كما لا يخفى اھ (1/ 58)