Мага душта гусул алуунун жеңил тартибин айтып берсеңиз, анткени мен гусул алууга абдан көп убакыт жана суу коротуп жатам. Экинчиден, менден дээрлик күн сайын эле мази чыгат, айрыкча түнү уктап туруп ойгонгондо. Мындай учурда гусул фарз болобу? Бир китептен, уктап турган соң кандайдыр бир нерсе көрүнсө, гусул алуу керек деп жазылыптыр. Күн сайын гусул ала берүүгө кыйын болуп жатат.
Эгер кимдир бирөө уйкудан ойгонгондо түшүндө болгон нерсе эсте жок болуп, бирок денесинде же кийиминде нымдуулук көрүнүп, анын мази экенине толук ишенсе, анда мындай учурда ага гусул алуу фарз болбойт. Ал эми гусул алуунун жеңил тартиби мындай: Адегенде эки колун билекке чейин жууйт. Андан кийин истинжа кылат жана денесиндеги таза эмес нерселерди жууп таштайт. Андан соң даарат алат. Анан чөмүч менен же башка жол менен бүт денесине үч жолу суу куйат. Муну менен сурап жаткан адамдын денеси таза болуп калат. Андан кийин себепсиз шек-күмөнгө түшүүнүн кереги жок, антпесе шектенүү (васваса) оорусуна чалдыгып калуудан сактануу зарыл.
كما في الدر المختار: (و) عند ( رؤية مستيقظ ) خرج رؤية السكران والمغمى عليه منيا أو مذيا ( وإنه لم يتذكر الاختلام اھ (ج 1 ص 163 ط: سعید)۔
وفى الهندية : وإن استيقظ الرجل و وجد على فراشه أو فخذه بللا و هو يتذكر احتلاما إن تيقن أنه مني أو تيقن أنه مذي أو شك أنه مني أو مذي فعليه الغسل وإن تيقن أنه ودي لا غسل عليه وإن رأى بللا إلا أنه لم يتذكر الاحتلام فإن تيقن أنه ودي لا يجب الغسل وإن تيقن أنه مني يجب الغسل وإن تيقن أنه مذي لا يجب الغسل وإن شك أنه مني أو مذي قال أبو يوسف رحمه الله تعالى : لا يجب الغسل حتى يتيقن بالاحتلام ، وقالا : يجب اھ (ج1 ص15 ط: ماجدیہ)۔