Менин суроом мындайча: эгер бирөө гусулсуз болсо, башка бирөөгө кол тийгизсе болобу? Ошол абалда башка бирөөгө кол тийсе, ал да гусул алышы керекпи? Гусулду ала электе шкафтан кийимдерди алып чыкса болобу? Анын тартиби кандай болот?
Так түшүнүлсүн: гусул фарз болуп калган учурда адамдын дене мүчөлөрү жана бүткүл денеси ошондой эле ыплас болуп калбайт жана башка бир адамга же кийимдерге кол тийгенде аларды ыплас кылбайт. Ошондуктан гусул фарз болгондон кийин бирөөгө кол тийсе, ал адам ыплас болуп калбайт жана ага ал жери жуу же гусул алуу да фарз болбойт. Ошо сыяктуу эле, гусулду ала электе шкафтан кийимдерди алып чыгуу да аларды ыплас кылбайт. Бирок гусул фарз болгондон кийин денеде же колдо нымдуу (нажас) ыпластык болуп, башка бирөөнүн денесине же кийимине жукса, анда ошол жуккан жер ыплас болуп калат жана аны жууп тазалоо фарз болот.
کما فی بدائع الصنائع: "أن أعضاء المحدث طاهرة حقيقة وحكما، أما الحقيقة؛ فلانعدام النجاسة الحقيقية حسا و مشاهدة.و أما الحكم؛ فلما روي أن رسول الله - صلى الله عليه و سلم - «كان يمر في بعض سكك المدينة، فاستقبله حذيفة بن اليمان، فاراد النبي - صلى الله عليه و سلم - أن يصافحه فامتنع و قال: إني جنب يا رسول الله فقال النبي - صلى الله عليه و سلم -: إن المؤمن لا ينجس» .و روي أنه - صلى الله عليه وسلم - «قال لعائشة - رضي الله عنها -: ناوليني الخمرة، فقالت: إني حائض، فقال: ليست حيضتك في يدك؛» و لهذا جاز صلاة حامل المحدث و الجنب، وحامل النجاسة لا تجوز صلاته." (كتاب الطهارة ،في الطهارة الحقيقية ،67/1،ط: دار الكتب العلمية)-