Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
163
| Date :
2025-12-15
الطھارة / /

Эгер териден жасалган маасы чечилсе, бутту жуу зарыл болобу?

Менин суроом мындай: териден жасалган маасыны бир намаз окугандан кийин чечип, анан ошол эле даарат менен кайра кийип алып намаз окуса болобу? Анткени бул жакта (Россия) да отуруп даарат алууга мүмкүн эмес, эңкейе да албайм, туруп алып бутумду жууй да албайм. Ушуга жооп берип коюңузчу. Рахмат!

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Сиздин сурооңузга буга чейин да жооп берилген. Бирок айта кетели: Бутту жуу даараттын фарздарынан. Ошондуктан даарат сынып, маасы чечилгенден кийин бутту жубай туруп намаз окуу туура эмес. Суроочу даарат алып маасы кийгенден кийин, бир күн бир түн (жолуучу болсо үч күн үч түн) ошол маасыга масх тартып жүрсүн жана мососун чечпесин.

مأخَذُ الفَتوی

ففی الهدایة: وینقضه أیضًا نزع الخلف لسرایة الحدث إلی القدم (إلی قوله) واذا تمت المدة نزع خفیه وغسل رجلّیه ولیس علیه اعادة بقیة الوضوء وكذا إذا نزع قبل المدة اھ (۱/۵۹)

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 163 Verify Now
| | |
0    21
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة