Бир киши мындай дейт: жел чыкканда даарат бузулат жана кайра даарат алуу керек, ал эми үн чыгарып жел чыкса истинжа да кылуу зарыл болот дейт. Шариятка ылайык ушул маселени түшүндүрүп бериңизчи.
Жел үн менен чыксын же үнсүз чыксын, андан кийин истинжа кылуу зарыл эмес; даарат алуу эле жетиштүү. Суроодо айтылган кишинин сөзү туура эмес, анткени фукаха аалымдары жел чыккандан кийин истинжаны макрух деп жазышкан.
ففی الشامیة: تحت (قوله فلا یسن) لأن بخروج الریح لا یكون علی السبیل شیئٌ فلا لیس منه بل هو بدعة اھ (۱/۳۳۵)