Ассаламу алайкум! Каабада Хажарул Асвадды эл көп болуп турган учурда өбүү жөнүндө суроо бар. Андай учурда эркек-аял аралашып кетет, башкаларга зыян тийип, ал тургай адамдын өзү да жаракат алып калышы мүмкүн. Мындай абалдын шарияттагы өкүмү кандай? Бул дуруспу же дурус эмесби?
Белгилүү болсун, Хажарул Асвадды өбүү — мактоого татыктуу жана абзел амал. Эгерде эл көп болбой, эч кимге кыйынчылык же зыян тийгизбестен, оңой шартта өбүү мүмкүн болсо, анда аны өбүү керек.
Бирок эгерде бул амалдын айынан башкаларга зыян тийип калышы мүмкүн болсо (азыркы учурда таваф маалында көп кездешкендей), анда мындай абалда бул мустахаб амалды таштоо зарыл. Тескерисинче, мындай учурда алыстан эле истилам кылуу (кол менен ишарат кылуу) жетиштүү болот.
کما فی الھدایة: واستلمه إن استطاع من غير أن يؤذي مسلما " لما روى أن النبي عليه الصلاة والسلام قبل الحجر الأسود ووضع شفتيه عليه وقال لعمر رضي الله عنه " إنك رجل أيد تؤذي الضعيف فلا تزاحم الناس على الحجر ولكن إن وجدت فرجة فاستلمه وإن لا فاستقبله وهلل وكبر " ولأن `الإستلام سنة والتحرز عن أذى المسلم واجب اھ(137/1) واللہ اعلم