Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
543
| Date :
2026-09-09
المعاملات / تعويضات مالية / مشروع تجاري

Онлайн сатып алуу-сатуу өкүмү

1. Эгерде адамдын колунда сатылуучу товар жок болуп, ал товарды кардарга жөн гана сүрөтү аркылуу көрсөтүп, белгилүү бир бааны коюп, кардар менен соода келишимин түзсө, андан кийин гана ошол товарды сатып алып, кардарга берип, анын акчасын алса — ушундай жол менен сатып алуу-сатуу келишимин түзүүсү туура болобу?
2. Ошондой эле төмөнкү маселени да айтып бериңиз: мен онлайн дүкөн ачып, ага өзүмдүн товарларымды, мисалы, зер буюмдарымды, сумкаларымды ж.б. жайгаштырдым. Ал эми башка бир адамдын өзүнчө онлайн дүкөнү жана өз кардарлары бар. Ал менден уруксат албай туруп, менин онлайн баракчамдагы товарлардын сүрөттөрүн көчүрүп алып, өзүнүн баракчасына жайгаштырат. Андан соң мен койгон баага өзүнүн пайдасын кошуп, ошол товарды өз кардарына сатат.
Эми суроо: ал менден уруксат албай туруп, менин баракчамдагы сүрөттөрдү өзүнүн дүкөнүнө жайгаштырып, ушундай жол менен киреше таба алабы? Мен өзүмдүн онлайн дүкөнүмдө ага уруксат берген эмесмин жана сүрөттөрдү колдонууга тыюу салганымды да жазган эмесмин.

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

1. Онлайн соодада эгерде «товар» сатуучунун менчигинде жок болуп, ал товарды жөн гана жарнамасы же сүрөтү аркылуу бирөөгө сатып, андан кийин гана ошол товарды дүкөндөн, соода жайынан ж.б. сатып алып берсе, мындай соода дурус эмес. Себеби «товар» сатуучунун менчигинде жок жана ал башка бирөөнүн менчигиндеги нерсени сатып жатат.
Мындай сооданы дурус кылуунун жолу төмөнкүчө болушу мүмкүн: сатуучу кардарга: «Бул товар менин менчигимде жок. Мен аны сатып алып, сизге баланча баага сатып бере алам. Эгер сиз макул болсоңуз, анда мен бул товарды сатып алып, өз карамагыма өткөргөндөн кийин сизге сатам», — деп айтат. Андан соң сатуучу товарды сатып алып, аны өз карамагына өткөрүп, андан кийин кардар менен расмий соода келишимин түзүп сатса, мындай соода туура жана дурус болот.
Ал эми эгерде «товар» сатуучунун менчигинде бар болсо, аны сүрөт аркылуу көрсөтүп кардарга сатса жана кардардан акчасын алып койсо, мындай соода туура болот. Бирок товар кардарга жеткенден кийин, аны көрүп чыгып, эгер ал кардардын талап кылган шарттарына ылайык келбесе, анда кардар аны кайтарып берүүгө «хияр руъя» (көрүп тандоо укугуна) ээ болот.
2. Суроодо айтылгандай, эгер бул адам суроо берүүчүнүн онлайн баракчасынан товарлардын сүрөттөрүн алып, өзүнүн баракчасына жайгаштырып, суроо берүүчү койгон баага өзүнүн пайдасын кошуп, андан ары өз кардарына сатса, анын эки түрдүү абалы бар:
Эгер ал адам биринчи кезекте суроо берүүчүнүн дүкөнүнөн товарды суроо берүүчү белгилеген баада сатып алса, андан кийин ага өзүнүн пайдасын кошуп кайра сатса — же болбосо кардар менен товарды сатуу боюнча алдын ала келишип алып, андан кийин суроо берүүчүнүн дүкөнүнөн товарды сатып алып, кардарына өзүнүн кошумча пайдасы менен сатса — анда бул толук жаиз. Себеби мындай соода мурабаха (بيـع المرابحة) түрүнө кирет.
Мында суроо берүүчүгө эч кандай зыян келбейт. Анткени ал өзүнүн баракчасында товарга койгон баасын толугу менен, эч кандай кемитүүсүз алат.
Ал эми эгерде ал адам суроо берүүчүнүн дүкөнүнөн товарды сатып ала электе, башка бирөөгө анын сүрөтүн көрсөтүп, ошол товарды сатып жиберсе, андан кийин гана суроо берүүчүнүн онлайн дүкөнүнөн товарды сатып алып, аны ошол кардарга берсе, анда мындай соода «товарды карамагына өткөрүп алмайынча сатуу» (بيع قبل القبض) болуп эсептелгендиктен, шарият боюнча дурус эмес.

مأخَذُ الفَتوی

كما فی بدائع الصنائع "(ومنها) وهو شرط انعقاد البيع للبائع أن يكون مملوكا للبائع عند البيع فإن لم يكن لا ينعقد وإن ملكه بعد ذلك بوجه من الوجوه إلا السلم خاصة، وهذا بيع ما ليس عنده،و 'نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن بيع ما ليس عند الإنسان، ورخص في السلم".
(فصل: وأما الذی یرجع إلی المعقود علیه،340/4، ط: مکتبة الوحیدیة)-
و فی رد المحتار (و يقول) البائع (‌قام ‌علي بكذا وكذا يضم إلى رأس المال ما يوجب زيادة فيه حقيقة أو حكما أو اعتاده التجار) كأجرة السمسار، هذا هو الأصل".
(باب المضارب يضارب،ج:5،ص:658،ط:سعيد)-
وفیہ ایضاً:"(المرابحة) مصدر رابح وشرعا (بيع ما ملكه)من العروض ولو بهبة أو إرث أو وصية أو غصب فإنه إذا ثمنه (بما قام عليه وبفضل) مؤنة وإن لم تكن من جنسه".
(کتاب البیوع،باب المربحة والتولیة،ج:5،ص:132/ 133،ط:سعید)-

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 543 Verify Now
0    48
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Задаток катары берилген сумманы кайтарып берүү — милдеттүү

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Онлайн сатып алуу-сатуу өкүмү

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Задаток катары берилген акчанын өкүмү

    Русский   Ўзбекча   Кыргызча   4 Trade and Business
  • Бөлүп төлөө (рассрочка) соодасында пайда кайсы баага коюлат?

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Жерди сатууга (ортомчулук кылгандыгы үчүн) комиссия алуу

    Кыргызча   0 Trade and Business
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة