Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
541
| Date :
2026-09-09
المعاملات / تعويضات مالية / مشروع تجاري

Задаток катары берилген сумманы кайтарып берүү — милдеттүү

Быйыл биз кокон гилас багын бир тарапка 2 6000 (эки жүз алтымыш миң) сомго саттык. Алар бакка иш жүзүндө киришүүдөн мурун 60 000 миң сомду задаток катары беришкен. Бирок кийин алар зыян тартып жатканын көрүп: «Биз 60 000 миң сомдон баш тартабыз, өзүңөр бакты башка бирөөгө саткыла», — дешти. Бул 60 000 миң сомду бизге алып калууга болобу?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Задаток катары берилген акча сатылып алынган нерсенин баасынын бир бөлүгү болуп эсептелет жана аны берүү-алуу уруксат. Бирок кандайдыр бир себептен улам соода келишими аягына чыкпай калса, бул акчаны кайра кайтарып берүү зарыл. Аны кармап калуу жана кайтарбоо дурус эмес, эгерде экинчи тарап акчасын кайтарып берүүнү талап кылбаса да.
Ошондуктан, берилген жагдайда сатуучу соодадан баш тарткан тарапка 60 000 миң сомду кайтарып берүүгө милдеттүү.

مأخَذُ الفَتوی

کما فی مشکاۃ المصابیح: عن عمرو بن شعیب عن أبيه عن جده قال: نهى رسول الله صلى الله عليه وسلم عن بيع العربان. رواه مالك وأبوداؤد وابن ماجه".
وفي الهامش:(قوله: "بيع العربان" وهو أن يشتري السلعة ويعطي البائع درهماً أو أقلّ أو أكثر على أنه إن تمّ البيع حسب من الثمن وإلا لكان للبائع ولم يرجعه المشتري، وهو بيع باطل؛ لمافيه من الشرط والغرر.ب ( کتاب البیوع، باب المنهي عنها من البيوع، الفصل الثاني، صفحہ: 248 ط: قدیمي) -
و فی حجة الله البالغة: ونهى عن بيع العربان أن يقدم إليه شيء من الثمن، فإن اشترى حسب من الثمن، وإلا فهو له مجانا وفيه معنى الميسر."(البيوع المنهي عنها، ج: 2، صفحہ: 167، ط: دار الجيل، بيروت - لبنان) -

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 541 Verify Now
| | |
0    58
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Задаток катары берилген сумманы кайтарып берүү — милдеттүү

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Онлайн сатып алуу-сатуу өкүмү

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Задаток катары берилген акчанын өкүмү

    Русский   Ўзбекча   Кыргызча   4 Trade and Business
  • Бөлүп төлөө (рассрочка) соодасында пайда кайсы баага коюлат?

    Кыргызча   0 Trade and Business
  • Жерди сатууга (ортомчулук кылгандыгы үчүн) комиссия алуу

    Кыргызча   0 Trade and Business
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة