1-жагдай: Бакыттын жер тилкелери бар, ал аларды бөлүп-бөлүп (участокторго) сатат. Ошондо Алмаз менен Бакыттын ортосунда мындай келишим түзүлөт: Бакыт айтат: "Ар бир участканы сага жыйырма беш миң долларга (25 000 Америка долларына) берем, андан ары сен аны отуз миңгеби (30 000 $ ), же отуз беш миңгеби (35 000 $) же андан кымбаткабы сата бер.25 000$ ден өйдө ашкан сумма сеники
Эми Алмаз ал жерди бир кардарга сата турган болгондо, ага: "Мен сага муну (негизги кожоюну) Бакыттан 30 000 $ га алып берем" деп айтат. Кардардан акчаны алгандан кийин, кээде алардын көзүнчө эле бул иштерди бүтүрүү үчүн дайындалган Бакыттын кеңсесинин жооптуу кызматкерине акчаны толук өткөрүп берет, андан соң өзүнүн үлүшүн (акысын) кеңсе кызматкеринен кайра алып алат. Ал эми кээде кардар жок учурда өзүнүн үлүшүн алып калып, калган келишилген сумманы кожоюнга берет жана квитанцияга (чекке) кардар канчага сатып алган болсо, дал ошол сумма жазылат.
Бул жерден билүүгө кызыкдар болгонубуз: Алмаздын мүлк ээлери менен макулдашып алып, андан соң кардардан тапкан бул пайдасы туура (шариятка ылайык) болобу? Башкача айтканда, бул тапкан акчасы адалбы же арамбы?
2-жагдай: Экинчи көрүнүш мындай: Алмаздын мүлк агенттиги (агентство) менен "Ар бир участок үчүн мага 1000 $, же 2000$ же 3000 $ доллар комиссия бересиңер" деп алдын ала келишими болот. Алмаз кардар таап келгенде, анын чуркаган эмгеги, телефон чалуулары, унаасын иштеткени сыяктуу чыгымдарынын ордуна келишимге ылайык Алмазга берилген бул акча Алмаз үчүн адалбы же арамбы?
Суроодо айтылган 1-жагдай боюнча, Алмаз кимдир бирөөгө Бакыттын жерин алып берип жаткан убакта, анын кызмат акысы (комиссиясы) башында так белгиленген эмес, тескерисинче, белгисиз (мажхул) болуп жатат. Ошол себептен, Бакыт менен Алмаздын мындай келишим түзүүсү шарият боюнча "Укуктук жактан бузулган, туура эмес келишим (акду фасид) болуп саналат. Бул учурда Алмаздын кылган эмгеги үчүн ага (башында айтылган ашыкча сумма эмес), ошол аймактагы ушундай жумуштарга берилүүчү кадимки орточо базар баасындагы кызмат акысы (Ажру мисл) берилет.
Ооба, эгерде Бакыт менен Алмаз өз ара алдын ала мыйзамдуу соода-сатык келишимин кылышса, тагыраагы, Бакыт өзүнүн жерин Алмазга 25 000 $ге ( жыйырма беш миң долларга) расмий түрдө сатып, аны өз каалоосундай иштетүү укугун колуна бир айга берсе, андан кийин Алмаз ал жерди өзү каалаган баада сатса — бул көрүнүш жаиз (уруксат) болот жана 25 000 $ тен өйдө көргөн бардык пайдасы Алмаз үчүн толугу менен адал болуп эсептелет.
Мындан сырткары, Алмаздын кардарга чындыкка жатпаган (жалган) сөздөрдү айтуусу же кардарга "Мен Бакыттан өзүм да ушул 30 000 $ алып жатам" деген сыяктуу таасир калтыруусу жаиз эмес (арам). Болбосо, бул калп (жалганчылык) болуп калат. Ал эми калп айтуу — бул дүйнөдө берекенин качуусуна, акыретте болсо азапка (азабга) себепчи болот.
Ал эми 2-жагдайда эгерде Бакыт, Алмазды өзүнө жерин сатуу үчүн комиссия агенти (далдалчы) кылып дайындаса жана анын комиссия акысын да башында ачык-так белгилеп койсо (мисалы: "Ушул жерди өткөрүп берсең, сага 1000 $ берем" десе), анда Бакыт менен Алмаздын мындай келишими шарият боюнча туура (адал). Бул абалда Алмаздын алган комиссиясы ал үчүн толугу менен адал болот.
و فی رد المحتار: "قال في التتارخانية: وفي الدلال والسمسار يجب أجر المثل، وما تواضعوا عليه أن في كل عشرة دنانير كذا فذاك حرام عليهم. وفي الحاوي: سئل محمد بن سلمة عن أجرة السمسار، فقال: أرجو أنه لا بأس به وإن كان في الأصل فاسدا لكثرة التعامل وكثير من هذا غير جائز، فجوزوه لحاجة الناس إليه كدخول الحمام وعنه قال: رأيت ابن شجاع يقاطع نساجاً ينسج له ثياباً في كل سنة".
(کتاب الاجارۃ، 6/ 63، ط: سعید)-
و فی دائع الصنائع في ترتيب الشرائع: (أما) وجوب أجر المثل للمعين؛ فلأنه استوفى منفعته بعقد فاسد، وأنه يوجب أجر المثل»
(6/ 63/دار الكتب العلمية)-