Мен жеке компанияда филиал менеджеримин, бардык кызматкерлер менин жоопкерчилигимде, кызматкерлердин саны 20–25 киши. Бизде түшкү тамактануу убактысы катуу белгиленген – саат 13:00дөн 14:00гө чейин. Ошол убакыт ичинде намаз да окушубуз керек. Мурда 13:30дан 16:00гө чейин ар ким ар башка убакта өзүнчө намаз окучу жана кээ бирлери жакын мечитке кетишчү. Бирок бардык эле кызматкерлер мечитке барчу эмес, мечитте жамаат саат 14:00дө башталат. Баруу-келүү жана намаз окуу эң аз дегенде жарым саат убакыт алат, анан саат 14:30 болуп калат. Натыйжада ишке да зыян тийчү жана түшкү тыныгуу убактысы сакталчу эмес.
Мунун чечими катары мен офистин ичинде эле жамаат менен намаз окууну уюштуруп койдум. Кызматкерлердин макулдугу менен сакалчан бир кызматкерге имамдык кылууну тапшырдым. Мунун дагы бир пайдасы – намаз окууга адаты жоктор да жамаатка кошула башташты. Суроом: офистин жанында мечит болгону менен, убакытында намаз окуу, түшкү тыныгуу убактысын сактоо, кызматкерлерди мечитке баруу шылтоосу менен убакыт текке кетирүүдөн сактоо жана намаз окубай жүргөндөрдү да намазга үндөө максатында офистин ичинде жамаат менен намаз окуу болобу?
Суроодо айтылган зарылдыкка байланыштуу офистин ичинде жамаат менен намаз окууга уруксат бар. Бирок имам кылып дайындалган киши Ахли сунна ишениминде болуп, намаз маселелерин жакшы билиши керек.
ففي الدر المختار:(والجماعة سنة مؤكدة للرجال) (إلی قوله) ويكره تكرار الجماعة بأذان وإقامة في مسجد محلة لا في مسجد طريق أو مسجد لا إمام له ولا مؤذن (إلى قوله ) أو جنيا في مسجد أو غيره اھ (1/ 552)۔
و في حاشية ابن عابدين: (قوله في مسجد أو غيره) قال في القنية: واختلف العلماء في إقامتها في البيت والأصح أنها كإقامتها في المسجد إلا في الأفضلية. اهـ. (1/ 554)۔
و في البحر الرائق شرح كنز الدقائق: ولا فرق في ذلك بين أن يكون في المسجد أو بيته حتى لو صلى في بيته بزوجته أو جاريته أو ولده فقد أتى بفضيلة الجماعة اھ (1/ 366)۔