Эгер кимдир бирөө малды союп жатканда “Бисмилла Аллаху акбар” дебестен, “Бисмиллахирахманир Рахим” деп айтып койсо, анда ошол союлган мал адал болобу же адал болбойбу?
Малды союп жатканда эң жакшы жана артыкчылыктуу ыкма — «Бисмилла, Аллаху Акбар» деп айтып союу. Бирок, эгерде анын ордуна болгону «Бисмиллахирахманир Рахим» деп айтылып калса да, союу жарактуу болуп эсептелет жана мал адал болот.
Анткени, улуу факих аалымдар (Аллах алардан ыраазы болсун) жазышкандай, «тасмия» дегенде сөзсүз «Бисмилла» гана айтылышы шарт эмес, тескерисинче, жалпысынан Аллахты эскерүү максат кылынат. Ал эми «Бисмиллахирахманир Рахим» деп айтуу да Аллахты эскерүүнүн өзү болуп саналат.
الدر المختار وحاشية ابن عابدين (6/ 301) دار الفكر-بيروت:
(والمستحب) (أن يقول بسم الله الله أكبر بلا واو، وكره بها) لأنه يقطع فور التسمية كما عزاه الزيلعي للحلواني وقال قبله: والمتداول المنقول عن النبي - صلى الله عليه وسلم - بالواو
البحر الرائق ومنحة الخالق وتكملة الطوري (1/ 329) دار الكتاب الإسلامي:
(قوله وسمى سرا في كل ركعة) أي، ثم يسمي المصلي بأن يقول: بسم الله الرحمن الرحيم، هذا هو المراد بالتسمية هنا، وأما في الوضوء والذبيحة فالمراد منها ذكر الله تعالى۔
الدر المختار وحاشية ابن عابدين (1/ 490) دار الفكر-بيروت:
(قوله كما في ذبيحة ووضوء) فإن المراد بالتسمية فيهما مطلق الذكر فهو تمثيل للمنفي۔