Эгер намазда {الذین صبروا وعلى ربهم یتوكلون} деген аяттын ордуна {الذین کفروا وعلی ربہم} деп айтып алса, анда намазы бузулуп калабы?
Бул учурда аяттын мааниси толугу менен өзгөрүп, туура эмес болуп калгандыктан, эгер ошол эле рекетте бул ката оңдолбосо, анда намаз бузулат. Ошондуктан ал намазды кайра окуу (кайра аткаруу) милдеттүү болот.
کما فی المحیط البرھانی: (323/1) وإن كان اختلافاً متباعداً، نحو أن يختم آية الرحمة بآية العذاب أو آية العذاب بآية الرحمة أو أراد أن يقرأ {الشَّيْطَنُ يَعِدُكُمُ الْفَقْرَ} (البقرة: 268) يجري على لسانه الرحمن يعدكم الفقر؛ فعلى قول أبي حنيفة ومحمد تفسد صلاته."