Muslim Fatawa

Online Fatwa Services

Fatwa No :
475
| Date :
0000-00-00
العبادة / الاضحیة والذبیحة / مسائل الأضحیة

Курбандык чалуу кимдерге ваажиб?

Эгерде бир уул Москвада жашап, тапкан мал-мүлкүн (акчасын) атасына берип турса, анда бул уул менен атанын экөөнө тең өз-өзүнчө курмандык чалуу важиб (милдет) болобу же бир гана атасына важибби?

الجوابُ حامِدا ًو مُصلیِّا ً

Курмандык айт күндөрү нисаб өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болгон, акыл-эси жайында, балагат (эр жетилген) куракка жеткен, мусапыр эмес (туруктуу жашаган) ар бир мусулман эркек жана аялга курмандык чалуу важиб болуп салаат. Нисаб өлчөмү дегенде: курмандык күндөрүндө кимдин менчигинде алтын эсебинде 20 (мыскалга) алтынга барабар. 20 мискал орто эсеп менен 85 граммга туура келет. (Кыргызстанда 1 грамм алтындын орточо баасы 8500 сом. Жыйынтыгында: 85 грамм алтынды (585-проба менен) болжол менен 8500 сомдон эсептегенде 722 500 сом) болсо, же ушул өлчөмгө тең келе турган акча, же болбосо негизги муктаждыктарынан ашыкча ушул өлчөмдөгү мал-мүлккө ээ болсо, ага курмандык чалуу милдеттүү болот.
Ошондуктан, суралып жаткан маселеде, эгерде атасы да, уулу да (өз-өзүнчө) нисаб өлчөмүндөгү мал-мүлккө ээ болушсо, анда экөөнө тең өз-өзүнчө курмандык чалуу важиб болот. Биринин курмандыгы экинчиси үчүн жетиштүү болбойт. Ал эми, эгер атасы өзү үчүн жана уулунун уруксаты менен уулу үчүн, же уулу өзү үчүн жана атасынын уруксаты менен атасы үчүн өз-өзүнчө курмандык чалууну кааласа, буга шариятта уруксат берилет жана муну менен экинчи тараптын да важиб болгон курмандык милдети аткарылган болот.

مأخَذُ الفَتوی

و فی رد المحتار: "وشرائطها: الإسلام والإقامة واليسار الذي يتعلق به) وجوب (صدقة الفطر) كما مر (لا الذكورة فتجب على الأنثى) خانية. وفي الرد: (قوله والإقامة) فالمسافر لا تجب عليه وإن تطوع بها أجزأته عنها وهذا إذا سافر قبل الشراء، فإن المشتري شاة لها ثم سافر ففي المنتقى أنه يبيعها ولا يضحي بها أي لا يجب عليه ذلك، وكذا روي عن محمد. ومن المشايخ من فصل فقال: إن كان موسرا لا يجب عليه وإلا ينبغي أن يجب عليه ولا تسقط بسفره، وإن سافر بعد دخول الوقت قالوا ينبغي أن يكون الجواب كذلك اهـ ط عن الهندية ومثله في البدائع (قوله واليسار إلخ) بأن ملك مائتي درهم أو عرضا يساويها غير مسكنه وثياب اللبس أو متاع يحتاجه إلى أن يذبح الأضحية." (كتاب الأضحية، ج:6، ص:312، ط:ايج ايم سعيد)-
و فی الفتاوی الھندیہ: "وقال الحسن بن زياد في كتاب الأضحية: إن كان أولاده صغارا جاز عنه وعنهم جميعا في قول أبي حنيفة وأبي يوسف - رحمهما الله تعالى -، وإن كانوا كبارا إن فعل بأمرهم جاز عن الكل في قول أبي حنيفة وأبي يوسف رحمهما الله تعالى، وإن فعل بغير أمرهم أو بغير أمر بعضهم لا تجوز عنه ولا عنهم في قولهم جميعا؛ لأن نصيب من لم يأمر صار لحما فصار الكل لحما." (كتاب الأضحية، الباب السابع، ج:5، ص:302، ط:المكتبة الرشيدية كوئته)-

واللہ تعالی اعلم بالصواب
دار الافتاء مسلم فتاوی

Fatwa No 475 Verify Now
| | |
0    125
Тектеш фатвалар الفتاوى ذات صلة
  • Мүйүзү алынган малды курмандыкка чалуунун өкүмү

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Кой канча жаштан баштап курмандыкка жарамдуу болуп эсептелет?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кедей кишинин курмандык күндөрүндө тоок союшу

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Ата-эне же бардык өтүп кеткендер (маркумдар) дын атынан курбандык кылу

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуучу адам үчүн чач жана тырмак албоонун өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курбандык чалуу кимдерге ваажиб?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Кайсы туугандарга курмандыктын этин берүү туура болот?

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Курмандык чалуунун ордуна кембагал тууганга жардам берүү

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Чет өлкөдө жашаган адам Курмандыгын Кыргызстанда чалдырса, чач жана ты

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Мал союунун (мууздоонун) дубасы

    Кыргызча   1 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташриктин күндөрү жана анын мушундай аталышынын себеби

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Аялдар үчүн такбир ташриктин өкүмү

    Кыргызча   0 Rules for the Secrifice
  • Такбир ташрикти канча жолу айтуу сүннөт?

    Кыргызча   2 Rules for the Secrifice
...
Тектеш тема مواضيع ذات صلة