Таваф маалында аялдардын парда (бетин жабуу) кылуусу зарылбы? Көп адамдардан уктум, ал жакта эркек менен аялды бөлүү жок экен, бул Аллахтын тартиби болгондуктан парда зарыл эмес дешет. Бул туурабы?
Аялдын бөтөн эркектерден жүзүн жашыруусу (хижаб кылуусу) — туруктуу шариат өкүмү. Ошондуктан, мүмкүн болушунча таваф маалында да аялга парда кылуу зарыл. Мисалы, кепка кийип, анын үстүнө парда кездемесин жаап алса, ихрамдагы тыюу салынгандардан сакталуу менен бул өкүмдү да аткарууга мүмкүн болот.
ففی البحر الرائق: تحت قوله ( والمرأة كالرجل غير أنها تكشف وجهها لا رأسها ولا تلبي جهرا ولا ترمل ولا تسعى بين الميلين ولا تحلق رأسها ولكن تقصر وتلبس المخيط ) لأن أوامر الشرع عامة جميع المكلفين ما لم يقم دليل على الخصوص اھ (2/ 381)۔
و في حاشية ابن عابدين (رد المحتار): (قوله جاز) أي من حيث الإحرام، (إلی قوله) وفق في البحر بما حاصله أن محمل الاستحباب عند عدم الأجانب. وأما عند وجودهم فالإرخاء واجب عليها عند الإمكان، وعند عدمه يجب على الأجانب غض البصر، (إلی قوله) قلت: يؤيده ما سمعته من تصريح علمائنا بالوجوب والنهي. (2/ 528)۔