Ассаламу алайкум!
Аялымдын бою түшүп калды, ошондуктан улам-улам аз-аздан кан келе берет. Ал Рамазанда орозо кармаса болобу? Эгер Рамазанга чейин ушул абал улана берсе, намаздын өкүмү кандай болот?
Эгер боюнан түшкөн баланын айрым органдары (колу-буту, башы сыяктуу) калыптанган болсо, анда келген кан нифас болуп эсептелет. Нифас каноосу кырк күнгө чейин уланса, бул күндөрдө аялга намаз окуу да, орозо кармоо да жаиз болбойт. Бирок кырк күндөн мурда кан токтосо, анда аял таза деп эсептелет жана гусул алып, намаз, орозо ж.б. ибадаттарын аткара берет.
Ал эми эгер боюнан түшкөн баланын эч кандай органдары калыптана электе түшүп калган болсо, анда кийин келген кан эгер үч күндөн ашса — хайз (айыз) каны болуп эсептелет. Бул учурда аял өзүнүн мурунку хайз одатына карап намаз жана орозосун токтотот.
كمافي الدر المختار: (وسقط) مثلث السين: أي مسقوط (ظهر بعض خلقه كيد أو رجل) أو أصبع أو ظفر أو شعر ولا يستبين خلقه إلا بعد مائة وعشرين يوما (ولد) حكما (فتصير) المرأة (به نفساء والأمة أم ولد ويحنث به) (الى قوله) فليس بشيء، والمرئي حيض إن دام ثلاثا وتقدمه طهر تام وإلا استحاضة اھ (1/ 302)۔
وفي الفتاوى الهندية: والسقط إن ظهر بعض خلقه من أصبع أو ظفر أو شعر ولد فتصير به نفساء هكذا في التبيين وإن لم يظهر شيء من خلقه فلا نفاس لها فإن أمكن جعل المرئي حيضا يجعل حيضا وإلا فهو استحاضة اھ(1/ 37)۔